МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ ТОКМОК ШААРЫНДАГЫ ДӨҢГӨЛӨКТӨРДҮ КАЙРА ИШТЕТҮҮЧҮ ЗАВОДГО БАРДЫ

МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТӨРАГАСЫ АКЫЛБЕК ЖАПАРОВ ТОКМОК ШААРЫНДАГЫ ДӨҢГӨЛӨКТӨРДҮ КАЙРА ИШТЕТҮҮЧҮ ЗАВОДГО БАРДЫ

Жарыяланган: 16 September 2023

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусунун Токмок шаарында жакында эле ачылып, учурда тесттик режимде иштеп жаткан дөңгөлөктөрдү кайра иштетүүчү заводдо болду.

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун президенти Алмазбек Барыктабасов Министрлер кабинетинин башчысына жаңы заводдун ишин тааныштырды. Заводдо материалдарды кайра иштетүүнүн инновациялык ыкмалары колдонулуп, ишкананын ишмердүүлүгү эски дөңгөлөктөрдүн экологияга тийгизген таасирин азайтууга багытталганын белгиледи.

Алмазбек Барыктабасовдун айтымында, завод толук өндүрүштүк кубаттуулук менен иштеп баштаганда саатына 2 тоннага чейин дөңгөлөктү кайра иштетүү менен жылына 2 миңге чейин чоң, 8 миңге чейин орто жана жеңил көлөмдүү унаалардын дөңгөлөктөрүн кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул «Кумтөр Голд Компани» ишканасындагы ири жүк ташуучу унаалардын дөңгөлөктөрүн алмаштырууга кеткен чыгымдарды 30–40 пайыз кыскартууга мүмкүндүк берет.

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров өнөр жай ишканаларынын айлана-чөйрөгө жана жаратылышка тийгизген таасирин минималдаштырууга багытталган өндүрүштүк ишканаларды түзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Маалымат үчүн: Өндүрүш толук кубаттуулукта иштеп баштаганда жергиликтүү калкка жаңы жумуш орундарын түзүү пландалууда.

Учурда бул жерде Кумтөр кениндеги атайын техникалардын дөңгөлөктөрү кайра иштетилүүдө. Кайра иштетүүгө мүмкүн болбой калган, жарактан чыккан эски дөңгөлөктөр резина күкүмдөрүнө айландырылат. Ал эми дөңгөлөктөрдөгү болот зымдарынан ар түрлүү буюмдар чыгарылат.