МЕДИЦИНАЛЫК БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛГА ЧЕЙИНКИ МӨӨНӨТКӨ ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

МЕДИЦИНАЛЫК БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛГА ЧЕЙИНКИ МӨӨНӨТКӨ ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 29 October 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 11-ноябры, саат 16:00 (Бишкек убактысы боюнча).


“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында медициналык бөлүмүнө эки жылга чейинки мөөнөткө такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт. 

Талаптар:

  • Медициналык билим (орто же жогорку медициналык билим, жалпы иш стажы 3 жылдан кем эмес болушу керек);
  • Компьютерди ишенимдүү колдонуу, Microsoft Office, Google Docs, Zoom программаларын билүү;
  • Демилгелүүлүк жана жаңы нерселерди үйрөнүүгө умтулуу;
  • Аткаруучулук жана тартиптүүлүк;
  • Тактык жана командада иштей билүү;
  • Эмгек ишмердүүлүгүн аткарууга медициналык жактан жарамдуу болуп, жакшы физикалык формага ээ болуу.

Милдеттер:

  • Ар кандай медициналык документацияны жүргүзүү;
  • Вахтага чейинки жана жыл сайын өткөрүлүүчү медициналык кароолор боюнча документацияны жүргүзүү;
  • КГКнын кызматкерлерине баштапкы, жылдык жана кезексиз медициналык кароолордон өтүү учурунда алынган медициналык сунуштар боюнча документтерди жүргүзүү жана көзөмөлдөөдө дарыгерлерге жардам көрсөтүү;
  • Убактылуу эмгекке жарамсыздык боюнча баракчаларды каттоо жана көзөмөлдөө;
  • Рейске чыгар алдындагы медициналык кароолорду жүргүзүү;
  • “КГК” ЖАКнун кызматкерлерине алгачкы медициналык жардам көрсөтүү.

Такшалманын шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма;
  • Такшалманын узактыгы – эки жылга чейин;
  • Такшалманын орду – Бишкек шаарындагы кеңсе;
  • Такшалманын графиги – 5/2.

Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:

  • Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2026-жылдын 11-ноябрында 16.00дөн кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.