МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК ЖАБДУУ БӨЛҮМҮНӨ (ЗАПАСТЫК БӨЛҮКТӨР ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК КАРАЖАТТАР ТОБУ) ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК ЖАБДУУ БӨЛҮМҮНӨ (ЗАПАСТЫК БӨЛҮКТӨР ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК КАРАЖАТТАР ТОБУ) ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 07 February 2024

ТАКШАЛМАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖАБЫЛДЫ.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК эки жылдык такшалмадан өтүү үчүн ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн материалдык-техникалык жабдуу бөлүмүнө (запастык бөлүктөр жана техникалык каражаттар тобу) тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • “Экономика”, “Логистика”, “Материалдык-Техникалык Жабдуу” багыттары боюнча жогорку билим (2019-жылдан 2023-жылга чейинки ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүнөн арыздарды кабыл алабыз);
  • MS Office, Outlook программмаларын колдоно билүү;
  • Англис тилин Intermediate жана андан жогорку деңгээлде билүү милдеттүү шарт;
  • Адистиги боюнча такшалмадан өткөн же тажрыйбасы бар болуусу артыкчылык болуп саналат;
  • Стресске туруктуулук жана коммуникабелдүүлүк – чоң көлөмдөгү маалымат менен иштөөгө жөндөмдүүлүк;
  • Аналитикалык ой жүгүртүү жана байкоочулук;

Милдеттери:

  • Сатып алуулар боюнча ички программага жардам берүү, жеткирүүчүлөр, сток позициялары, сатып алуу тапшырмалары боюнча маалыматтарды киргизүү;
  • Инвентардык позициялардын болушун жана чыгымдалышын мониторингдөөгө көмөктөшүү, рыноко жана бааларга талдоо жүргүзүү;
  • КГКнын сатып алуу жөнүндө Жобосуна жана КР мыйзамдарынын ченемдерине ылайык компанияны материалдык-техникалык ресурстар менен камсыз кылууга көмөктөшүү;
  • Сатуучулар жана акыркы колдонуучулар менен байланышта болуу;
  • Берүүлөрдү жана эсептешүүлөрдү уюштурууга жана контролдоого жардам берүү;
  • Жеткирүүчүлөр менен келишимдерди даярдоого,макулдашууга жана түзүүгө көмөктөшүү.

Такшалманын шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалманын узактыгы – 2 жыл
  • Такшалманын орду – Бишкек ш. кеңсе
  • Такшалманын графиги – 5/2

Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:

  • Анкетаны толтуруп, бардык зарыл болгон документтерди 2024-жылдын 14-февралында саат 16:00 кеч эмес шилтемени басуу менен тиркеңиз.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.