МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА ЛОГИСТИКА БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК КАМСЫЗДОО ЖАНА ЛОГИСТИКА БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 03 November 2023

ТАКШАЛМАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖАБЫЛДЫ.

Кумтор Голд Компани ЖАК Материалдык-техникалык камсыздоо жана логистика бөлүмүнө ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн эки жылдык стажировкадан өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • “Логистика”, “Материалдык-техникалык камсыздоо”, “Экономика” багыттары боюнча жогорку билим (2022-жылдан 2019-жылга чейин ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүнөн арыздарды кабыл алабыз);
  • Адистиги боюнча иш тажрыйбасы же практика өткөндүгү артыкчылык болот;
  • Microsoft Office менен жогорку денгээлде иштөө жана компьютердик чеберчилик.
  • Англис тилин билүү милдеттүү;
  • Өнүгүүнү каалоосу, жигердүү, энергиялуу, коммуникабелдүү, жоопкерчиликтүү;
  • Айлана-чөйрөнүн талаптарына ылайыкташа билүү, чоң көлөмдөгү маалыматтар менен иштей билүү, чыгармачылык, максатка умтулуу, командада иштей билүү;
  • Стресске чыдамдуулук жана сылыктык;

Милдеттери:

  • Жөнөтүүчүлөр, Сток-позициялар, сатып алуу тапшырмалары боюнча маалыматтарды киргизүү боюнча сатып алуулар боюнча ички программа менен иштөөдө жардам көрсөтүү;
  • КГКнын Жоболорунун талаптарына жана мыйзам ченемдерине ылайык пайдалануучулардын билдирмелери боюнча товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн болушун камсыздоо;
  • Товарлардын болушуна жана чыгымдалышына мониторинг жүргүзүү, рынокту жана товарлардын баасын талдоо;
  • Акыркы сатуучулар жана акыркы колдонуучулар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
  • Буйрутмаларды экспедициялоого көмөктөшүү, келишимдерди, сатып алуу буйруктарын даярдоо жана макулдашуу ж.б.;

Стажировканын шарттары:

  • Акы төлөнүүчү стажировка
  • Стажировканын узактыгы – 2 жыл
  • Стажировка өтүү орду – Бишкек ш. кеңсе
  • Стажировканын графиги-5/2

Тандоого катышуу үчүн Сизге төмөнкүлөр керек:

  • Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2023-жылдын 17 – ноябрдын саат 16:00дөн кечиктирбестен кийинки шилтеме аркылуу тиркөө керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.