МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК КАМСЫЗДОО БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛГА ЧЕЙИНКИ МӨӨНӨТКӨ ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК КАМСЫЗДОО БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛГА ЧЕЙИНКИ МӨӨНӨТКӨ ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 28 October 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 10-ноябры, саат 16:00 (Бишкек убактысы боюнча).


“Кумтөр Голд Компани” ЖАК  жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнө эки жылга чейинки мөөнөткө такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • Жогорку билими бар;
  • Компьютерди жана кеңсе техникаларын ишенимдүү колдонуу көндүмдөрүнө ээ;
  • Мамлекеттик жана расмий тилдерди билүү;
  • Аналитикалык ой жүгүртүү жөндөмүнө ээ;
  • Маалыматты талдап, негиздүү жыйынтык чыгара билүү;
  • Жоопкерчиликтүү, бир нече тапшырманы бир учурда аткаруу жөндөмүнө ээ;
  • Милдеттерди өз убагында жана натыйжалуу аткаруу, убакытты туура башкара билүү;
  • Демилгелүүлүк жана жаңы билимдерди өздөштүрүүгө умтулуу;
  • Проактивдүү иш алып баруу жана кесиптик өнүгүүгө кызыгуу.

Милдеттер:

  • Насаатчынын жетекчилиги астында подряддык уюмдардын кызматкерлерин жана техникаларын түшүрүү/көтөрүү боюнча өтүнмөлөрдү даярдоого катышуу;
  • Подряддык уюмдардын кызматкерлерин окутуу боюнча өтүнмөлөрдү кабыл алууга жана жол-жоболоштурууга көмөк көрсөтүү;
  • Жаңы кызматкерлердин документтерин кабыл алууга жана алардын белгиленген талаптарга шайкештигин баштапкы текшерүүгө катышуу;
  • Подряддык уюмдардын жаңы техникаларын каттоо иштерине көмөк көрсөтүү;
  • Күнүмдүк отчеттуулукту түзүү үчүн маалыматтарды чогултуу жана берүү;
  • Кызматкерлердин жеке документтерин жана бөлүмдүн документациясын архивдик эсепке алуу иштерине катышуу;
  • Компаниянын өндүрүштүк-уюштуруучулук түзүмү жана бөлүмдүн ишмердүүлүгү менен таанышуу;
  • Насаатчынын тапшырмасы жана көзөмөлү астында компаниянын түзүмдүк бөлүмдөрү менен өз ара аракеттенүү;
  • Күнүмдүк отчетторду даярдоого, иштеп чыгууга жана андан ары жөнөтүү үчүн жалпыланган маалыматтарды түзүүгө көмөк көрсөтүү.

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма;
  • Такшалманын мөөнөтү – эки жылга чейин;
  • Такшалма өтүү жери – Кумтөр кени;
  • Такшалма графиги – 14/14.

Тандоого катышуу үчүн:

  • Анкетаны толтуруп, баардык керектүү документтерди 2026-жылдын 10-ноябрында 16:00 кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.