МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК КАМСЫЗДОО БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК КАМСЫЗДОО БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 02 February 2024

ТАКШАЛМАГА КАБЫЛ АЛУУ ЖАБЫЛДЫ.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК Материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнө (логистика тобу) эки жылдык стажировкадан өтүү үчүн ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • «Экономика», «Логистика», «Материалдык-техникалык камсыздоо» багыттары боюнча жогорку билим;
  • MS Office (айрыкча Excel), Outlook менен иштей билүү;
  • Англис тилин Upper Intermediate жана андан жогору деңгээлде билүү милдеттүү;
  • Адистиги боюнча иш тажрыйбасы же практика өткөндүгү артыкчылык болуп саналат;
  • Стресске туруктуулук жана тил табыша билүү – чоң көлөмдөгү маалымат менен иштей билүү;
  • Креативдүүлүк, максатка умтулуу, командада иштей билүү.

Милдеттер:

  • Жүктөрдү ташууну уюштурууда көмөк көрсөтүү;
  • Жүктөрдү жиберүү жана жеткирүүнүн өз убагында болуусун көзөмөлдөөгө жардам берүү;
  • Жүктөрдүн кыймылы тууралуу чоң көлөмдөгү маалыматтарды иштеп чыгууда жардам берүү;
  • Презентацияларды түзүү.

Такшалманын шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалманын узактыгы – 2 жыл
  • Такшалманын орду – Бишкек шаарындагы кеңсе
  • Такшалманын графиги – 5/2

Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:

  • Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2024-жылдын 16-февралында 16.00 дон кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.