МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК КАМСЫЗДОО БӨЛҮМҮНӨ ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 22 April 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 11.05.2026, 16:00го чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАКу материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнө эки жылдык такшалма өтүү үчүн ЖОЖнын бүтүрүүчүлөрү арасында тандоо жүргүзөт. Программага Кыргыз Республикасынын жарандары гана катыша алышат.
Талаптар:
- Аякталган жогорку билим;
- ПК (компьютер) жана кеңсе программалары (MS Word, Excel, электрондук почта) менен иштөөнүн базалык деңгээли;
- Маалыматты анализдөө жөндөмү, деталдарга кылдат мамиле кылуу, үйрөнүүгө даяр болуу;
- Документтер жана маалымат менен иштей билүү, тактык, жоопкерчилик;
- Көп тапшырмалуу режимде иштөөгө жана белгиленген мөөнөттөрдү сактоого даярдык;
- Коммуникациялык жөндөмдүүлүк жана командада иштей билүү, туура жана сылык ишкердик баарлашуу;
- Баалардын түзүлүшүнүн принциптерин жана келишимдик иш боюнча жалпы түшүнүктөргө ээ болуу артыкчылык болуп саналат;
- Иш кагаздарын жүргүзүүнүн негиздерин билүү жана келишимдер менен иштөө тажрыйбасы кубатталат, бирок милдеттүү эмес.
Милдеттер:
- Келишимдердин шарттарынын аткарылышын көзөмөлдөөгө (насаатчынын жетекчилиги астында) катышуу;
- Өтүнмөлөрдү даярдоого жана иштеп чыгууга, алардын аткарылышын көзөмөлдөөгө, келип чыккан маселелер боюнча маалыматты каттоого жана жооптуу адистерге өткөрүп берүүгө катышуу;
- Доо-арыздык корреспонденция менен иштөөдө жардам көрсөтүү: жооптордун долбоорлорун даярдоо, каттарды тариздөө жана жөнөтүү, жабдуучулар менен өз ара аракеттенүү;
- Жабдуучуларга финансылык төлөмдөрдүн өз убагында жана туура жүргүзүлүшүн көзөмөлдөөгө көмөк көрсөтүү, эсеп-фактураларды жана коштоочу документтерди текшерүүгө катышуу;
- Документтерди кабыл алууга, өткөрүп берүүгө жана системалаштырууга, архив менен иштөөгө, документтерди сактоо жана пайдалануу тартибин сактоого жардам көрсөтүү.
Такшалма учурунда тажрыйбалуу кызматкерлердин жетекчилиги астында насаатчылык каралып, функционалдык милдеттерди этап-этабы менен өздөштүрүү жүзөгө ашырылат.
Такшалманын шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалманын узактыгы – 2 жыл
- Такшалманын орду – Бишкек шаарындагы кеңсе
- Такшалманын графиги – 5/2
Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- Анкетаны толтуруп, баардык керектүү документтерди 2026-жылдын 11-майында 16.00дөн кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.