МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК КАМСЫЗДОО БӨЛҮМҮНҮН ТЕТИКТЕР ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК КАРАЖАТТАР ТОБУНА ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК КАМСЫЗДОО БӨЛҮМҮНҮН ТЕТИКТЕР ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК КАРАЖАТТАР ТОБУНА ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 14 July 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 20-июлу, саат 16:00 (Бишкек убактысы боюнча).


“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн тетиктер жана техникалык каражаттар тобуна эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • Аяктаган жогорку билим;
  • MS Office программасын, анын ичинде Excel программасын ишенимдүү колдонуу;
  • Ишкердик кат алышуу жөндөмү, жазуу жана оозеки баарлашуу;
  • Англис тилин билүү (артыкчылык болуп саналат, бирок милдеттүү эмес);
  • Сатып алуулардын стандарттарын жана жол-жоболорун билүү артыкчылык болуп саналат;
  • Аналитикалык ой жүгүртүү.

Милдеттери:

  • Корпоративдик программаларга жана системаларга жеткирүүчүлөр жана сатып алуу заказдары жөнүндө маалыматтарды киргизүү жана жаңылоо;
  • Товарларды жана кызматтарды сатып алууга арыздарды даярдоого катышу;
  • Компаниянын керектөөлөрүнө ылайык материалдарды жана кызматтарды сатып алууга арыздарды даярдоо, тариздөө жана жөнөтүү;
  • Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткирүү шарттарын, мөөнөттөрүн жана баасын тактоо;
  • Сунуштарга суроо-талаптарды даярдоо жана жеткирүүчүлөрдүн сунуштарын талдоо:
  • Коммерциялык сунуштарга суроо-талаптарды даярдоого көмөк көрсөтүү;
  • Келишимдин шарттарын даярдоого жана макулдашууга катышуу;
  • Жеткирүүчүлөр менен келишим түзүү процессинде колдоо көрсөтүү;
  • Төлөм тапшырмаларын жана келишимдерди архивдөө.

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – Бишкек ш. кенсе
  • Такшалма графиги – 5/2

Тандоого катышуу үчүн:   

  • 2026-жылдын 20-июлунда, саат 16:00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.