МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК КАМСЫЗДОО БӨЛҮМҮНҮН ТЕТИКТЕР ЖАНА ТЕХНИКАЛЫК КАРАЖАТТАР ТОБУНА ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 14 July 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 20-июлу, саат 16:00 (Бишкек убактысы боюнча).
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн тетиктер жана техникалык каражаттар тобуна эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- Аяктаган жогорку билим;
- MS Office программасын, анын ичинде Excel программасын ишенимдүү колдонуу;
- Ишкердик кат алышуу жөндөмү, жазуу жана оозеки баарлашуу;
- Англис тилин билүү (артыкчылык болуп саналат, бирок милдеттүү эмес);
- Сатып алуулардын стандарттарын жана жол-жоболорун билүү артыкчылык болуп саналат;
- Аналитикалык ой жүгүртүү.
Милдеттери:
- Корпоративдик программаларга жана системаларга жеткирүүчүлөр жана сатып алуу заказдары жөнүндө маалыматтарды киргизүү жана жаңылоо;
- Товарларды жана кызматтарды сатып алууга арыздарды даярдоого катышу;
- Компаниянын керектөөлөрүнө ылайык материалдарды жана кызматтарды сатып алууга арыздарды даярдоо, тариздөө жана жөнөтүү;
- Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткирүү шарттарын, мөөнөттөрүн жана баасын тактоо;
- Сунуштарга суроо-талаптарды даярдоо жана жеткирүүчүлөрдүн сунуштарын талдоо:
- Коммерциялык сунуштарга суроо-талаптарды даярдоого көмөк көрсөтүү;
- Келишимдин шарттарын даярдоого жана макулдашууга катышуу;
- Жеткирүүчүлөр менен келишим түзүү процессинде колдоо көрсөтүү;
- Төлөм тапшырмаларын жана келишимдерди архивдөө.
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
- Такшалма өтүү жери – Бишкек ш. кенсе
- Такшалма графиги – 5/2
Тандоого катышуу үчүн:
- 2026-жылдын 20-июлунда, саат 16:00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.