МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК КАМСЫЗДОО БӨЛҮМҮНҮН ХИМИЯЛЫК РЕАГЕНТТЕР ЖАНА ЖАРДЫРГЫЧ ЗАТТАР ТОБУНА ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 17 November 2025
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 23.11.2025, 16:00го чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнун химиялык реагенттер жана жардыргыч заттар тобуна эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.
Талаптар:
- Аяктаган жогорку билим (2019-жылдан 2025-жылга чейин жождордун бүтүрүүчүлөрүнүн билдирмелерин кабыл алабыз);
- MS Office, Excel программаларын билүү;
- Иштиктүү кат алышуу көндүмдөрү, компетенттүү жазуу жана оозеки сүйлөө;
- Тил билүү артыкчылыгы: англис, кытай, түрк;
- Сатып алуулардын стандарттарын жана жол-жоболорун билүү артыкчылык болуп саналат;
- Аналитикалык ой жүгүртүү жана стресске туруктуулук.
Милдеттери:
- Корпоративдик программаларга жана системаларга жеткирүүчүлөр жана сатып алуу заказдары жөнүндө маалыматтарды киргизүү жана жаңылоо;
- Товарларды жана кызматтарды сатып алууга арыздарды даярдоого катышу;
- Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткирүү шарттарын, мөөнөттөрүн жана баасын тактоо;
- Келишимдин шарттарын даярдоого жана макулдашууга катышуу;
- Жеткирүүчүлөр менен келишим түзүү процессинде колдоо көрсөтүү;
- Төлөм тапшырмаларын жана келишимдерди архивдөө.
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
- Такшалма өтүү жери – Бишкек ш. кенсе
- Такшалма графиги – 5/2
Тандоого катышуу үчүн:
- 2025-жылдын 23-ноябрында, саат 16:00 кечикпестен, шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.