МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК КАМСЫЗДОО БӨЛҮМҮНҮНӨ (КӨМӨКЧҮ ӨНДҮРҮШ ТОБУНА) ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК КАМСЫЗДОО БӨЛҮМҮНҮНӨ (КӨМӨКЧҮ ӨНДҮРҮШ ТОБУНА) ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 30 September 2024

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 14.10.2024, 16:00го чейин.

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК Материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүнө (көмөкчү өндүрүш тобуна) эки жылдык стажировкадан өтүү үчүн ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • «Экономика», «Логистика», «Материалдык-техникалык камсыздоо» багыттары боюнча жогорку техникалык билим (2019-жылдан 2024-жылга чейин ЖОЖдун бүтүрүүчүлөрүнөн арыздарды кабыл алабыз);
  • MS Office, Outlook программаларын билүү;
  • Иштиктүү кат алышуу көндүмдөрү, сабаттуу жазуу жана оозеки баарлашуу;
  • Англис тилин Intermediate жана андан жогору деңгээлде билүү артыкчылыктуу, бирок талап кылынбайт;
  • Коммуникация көндүмдөрү, этика жана калыстык;
  • Аналитикалык ой жүгүртүү жана көңүл коюу.

Милдеттер:

  • Сатып алуулардын ички программасына көмөктөшүү, жеткирүүчүлөр, инвентардык позициялар, сатып алуу тапшырыктары жөнүндө маалыматтарды киргизүү;
  • Запастардын жеткиликтүү болушуна жана керектелишине мониторинг жүргүзүүгө, рынокко жана баага талдоо жүргүзүүгө көмөктөшүү;
  • КГКнын Сатып алуулар жөнүндө жобосуна жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын ченемдерине ылайык компанияны материалдык-техникалык ресурстар менен камсыз кылууга көмөктөшүү;
  • Жеткирүүчүлөр жана акыркы колдонуучулар менен мамилелерди колдоо;
  • Жеткирүүлөрдү жана өз ара эсептешүүлөрдү уюштурууга жана көзөмөлдөөгө көмөктөшүү;
  • Жеткирүүчүлөр менен келишимдерди даярдоого, макулдашууга жана түзүүгө көмөктөшүү.

Такшалманын шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалманын узактыгы – 2 жыл
  • Такшалманын орду – Бишкек шаарындагы кеңсе
  • Такшалманын графиги – 5/2

Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:

  • Анкетаны толтуруп, бардык керектүү документтерди 2024-жылдын 14-октябрьда 16:00 дөн кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.