МААЛЫМАТТЫК КООПСУЗДУК БӨЛҮМҮНҮН КИБЕРКООПСУЗДУК ЖАНА ЫКЧАМ АРАКЕТТЕНҮҮ ТОБУНА ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 20 May 2026
АРЫЗДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУНУН МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 2-июну, саат 16:00 (Бишкек убактысы боюнча).
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында маалыматтык коопсуздук бөлүмүнүн киберкоопсуздук жана ыкчам аракеттенүү тобуна эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт. Программага Кыргыз Республикасынын жарандары гана катыша алышат.
Талаптар:
- Маалыматтык коопсуздук, маалыматтык технологиялар же ага байланыштуу багыттар боюнча аякталган жогорку же орто кесиптик билим;
- Маалыматтык коопсуздуктун негизги принциптерин базалык деңгээлде түшүнүү;
- Тармактык технологиялар боюнча жалпы билим жана OSI/TCP/IP моделдерин билүү;
- Негизги тармактык протоколдордун (TCP, UDP, DNS, HTTP/HTTPS, ARP, ICMP) иштөө принциптери жөнүндө жалпы түшүнүк;
- Windows жана/же Linux операциялык тутумдары менен иштөөнүн базалык көндүмдөрү;
- Операциялык тутумдардагы кызматтардын жана процесстердин иштөө принциптери тууралуу жалпы түшүнүк;
- Окуялар журналдары (event logs) деген эмне экенин жана алардын колдонуу максаты тууралуу жалпы түшүнүк;
- Маалыматтык коопсуздук жаатында өнүгүүгө мотивациянын болушу, окууга жана жаңы технологияларды өздөштүрүүгө даярдык.
Милдеттер:
- Маалыматтык коопсуздук окуяларын мониторингдөөдө көмөк көрсөтүү, анын ичинде келип түшкөн окуялардын алдын ала сорттоо жана классификациялоо;
- Маалыматтык коопсуздук системаларынан логдорду жана техникалык маалыматтарды чогултуу жана баштапкы иштетүү;
- Маалыматтык коопсуздук бөлүмүнүн кызматкерлерине маалыматтык коопсуздукту камсыз кылуу процесстерин колдоодо көмөк көрсөтүү, анын ичинде ички документтерди жана нускамаларды жаңылоого катышуу;
- Киберкоопсуздук инциденттерин башкаруу процессине катышуу;
- Маалыматтык коопсуздук тобокелдиктерин башкаруу процессине катышуу;
- Маалыматтык коопсуздук маселелери боюнча кызматкерлердин маалымдуулугун жогорулатуу боюнча иш-чараларга көмөк көрсөтүү жана аларды ишке ашыруу (материалдарды, эскертмелерди жана маалым каттарды даярдоо).
Такшалма шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
- Такшалма өтүү жери – Бишкек ш. кеңсе.
- Такшалма графиги – 5/2
Тандоого катышуу үчүн:
- 2026-жылы 2-июнда саат 16:00 кечикпестен шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.