КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК КҮНҮНӨ КАРАТА «КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» ЖАКтын ПРЕЗИДЕНТИ АЛМАЗБЕК БАРЫКТАБАСОВДУН КУТТУКТООСУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭГЕМЕНДҮҮЛҮК КҮНҮНӨ КАРАТА «КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» ЖАКтын ПРЕЗИДЕНТИ АЛМАЗБЕК БАРЫКТАБАСОВДУН КУТТУКТООСУ

Жарыяланган: 31 August 2023

Урматтуу кыргызстандыктар!

Сиздерди «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун жетекчилигинин жана бардык кызматкерлеринин атынан жалпы улуттук эң башкы мамлекеттик майрамыбыз болгон – Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Өлкөбүздүн эгемендүүлүккө ээ болгонуна туура 32 жыл болду. Тарыхый ченемдер менен алганда, биз абдан жаш мамлекетпиз, бирок бул жылдар аралыгында өлкөбүз жана элибиз көптөгөн сыноолорду башынан кечирди. Ошого карабай, эң башкысы, биз мамлекетибиздин бүтүндүгүн, көп улуттуу элибиздин биримдигин сактап кала алдык.

Учурда Кыргыз Республикасы эл аралык коомчулуктун толук кандуу мүчөсү катары демократиялык, укуктук, экономикасы өнүккөн, бакубат мамлекетти курууга умтулууда. Албетте, алдыга коюлган максаттарга ар кандай сыноолорсуз, кемчиликтерсиз дароо эле жетүү мүмкүн эмес. Бирок, биз бардыгын бекем ынтымагыбыз, биримдигибиз менен жеңээрибизге ишенем!

Мамлекеттик саясаттын эң башкы элементи – ата мекендик экономиканы өнүктүрүү болуп эсептелет.  Ал эми күчтүү экономиканы – өнүккөн өнөр жайсыз элестетүү мүмкүн эмес. Белгилүү болгондой, көп жылдык күрөштөн кийин кыргыз экономикасынын флагманы болгон «Кумтөр» кени мамлекетке кайтарылып, учурда элдин кызыкчылыгы үчүн иштеп жатат. Бул иште, албетте Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун эмгеги зор. Ал буга чейинки саясий жолунда «Кумтөрдү» Кыргызстанга кызмат кылдырууга болгон аракетин жумшап, акыры ойлогон оюна жетип, элдин энчисине кайтарды.

«Кумтөр» алтын кени иштеп баштаган мезгил – эгемендүүлүк алган алгачкы жылдарга туш келип калганы дагы символикалуу болуп турат. Ушул жылы 30 жылдык мааракесин белгилемекчи болуп жаткан «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому учурда салык жана ар кандай төлөм иретинде мамлекеттик бюджетке миллиарддаган киреше берип жаткан эң ири өндүрүш болуп саналат.

Бул биздин мамлекеттин экономикалык көз карандысыздыгын чыңдоого, карапайым жарандарыбыздын жашоосун жакшыртууга кошкон салымыбыз.

Учурда ишканабызда жана подряддык уюмдарда 4 миңден ашуун мекендештерибиз эмгектенип жатышат. Кенчилердин иши өтө оор жана кооптуу. Бирок, кандай гана кыйынчылыктар болбосун, биздин тоо-кенчилерибиз өлкөбүздүн экономикасын өнүктүрүүгө зор салымын кошуп келе жатышат. Бул миссиясын алар дагы да уланта беришмекчи.

Өлкөбүздүн жаратылыш байлыгы – бул жалпы элдин энчиси. Жер казынасынан алынган бардык ресурстар мамлекетти чыңдоого жана жарандардын жыргалчылыгын жогорулатууга гана кызмат кылууга тийиш. Бул биздин терең ишенимибиз жана жашоодогу позициябыз!

Ушул салтанаттуу күндө бардык мекендештерибизге чың ден соолук, бакубатчылык жана алдыга койгон ой-максаттарынын аткарылышын, ал эми Кыргыз Республикасына тынчтык, биримдик жана гүлдөп өнүгүүнү каалайм!

Боорукер, чынчыл, меймандос эл жашаган кереметтүү өлкөбүздө ар дайым биримдик жана ынтымак өкүм сүрсүн!

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын Президенти
Алмазбек Барыктабасов