Жарыяланган: 02 November 2026
КОНКУРСТУК АРЫЗДАРДЫ ТАПШЫРУУ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 10-ноябры, саат 12:00 чейин (Бишкек убактысы боюнча).
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК Сизди курулуш жана жасалгалоо материалдарын жеткирүү боюнча баа сунуштарын суроо аркылуу жеткирүүчүлөрдү тандоо процессине катышууга чакырат.
Сунуштарды берүү форматы
Баа сунушу (мындан ары – БС) PDF форматында берилиши жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укугу бар адам тарабынан кол коюлушу керек.
Сунуштарды берүү тартиби
Тандоого катышуучулар төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:
Жеткирүүчүлөрдү тандоого катышуу үчүн берилүүчү коммерциялык сунуш төмөнкү документтерди камтууга тийиш:
Валюта
Жеткирүү орду
DDP, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын кампасы:
Коммерциялык сунуштарды баалоо критерийлери
Жеңүүчү болуп техникалык сүрөттөмөгө туура келген жана эң төмөнкү бааны сунуштаган катышуучу таанылат (лот бөлүнүүчү).
Темасында «R29423 сурамы (курулуш жана жасалгалоо материалдары)» деп көрсөтүлгөн сунуштарды [email protected] электрондук дарегине 2026-жылдын 10-ноябрында Бишкек убактысы боюнча саат 12:00гө чейин жөнөтүү керек.
Буюртмачы кандайдыр бир же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле келишим түзүлгөнгө чейин каалаган убакта тандоо процессин токтотууга укуктуу жана бул үчүн БС тапшырган катышуучулар алдында эч кандай милдеттенме тартпайт.
Баа сунушу ишкананын расмий бланкында даярдалып, кол коюлуп жана мөөр басылышы керек.
Белгиленген мөөнөттөн кеч берилген баа сунуштары кабыл алынбайт жана каралбайт.
Өз сунушун берүү менен катышуучу талаптарда көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул экендигин билдирет.
Ар бир тандоого катышуучу бир гана баа сунушун бере алат.
Баа сунушунун жарактуулук мөөнөтү кеминде 30 календардык күн болушу керек.
Тандоо жүрүп жаткан мезгилде берилген баа сунуштарына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.
Ушул тандоо боюнча бардык суроолор [email protected] электрондук дарегине жөнөтүлүшү керек.
Тандоонун шарттарын түшүндүрүү боюнча суроо-талаптар сунуштарды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин кеминде 3 календардык күн мурда жөнөтүлүшү керек.