КУРУЛУШ МАТЕРИАЛДАРЫН ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА БАА СУНУШТАРЫН СУРОО
Жарыяланган: 15 May 2026
АРЫЗДАРДЫ КАБЫЛ АЛУУНУН МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 26-майы, саат 12:00 (Бишкек убактысы боюнча).
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК Сизди курулуш материалдарын жеткирүү боюнча баа сунуштарын суроо жолу менен жеткирүүчүлөрдү тандоого катышууга чакырат.
Сунуш берүү форматы:
Баалык сунуш (мындан ары – БС) PDF форматында берилүүгө жана келишимдик милдеттенмелерди кол коюуга ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлушу шарт.
Сунуштарды берүү тартиби
Катышуучулар төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:
- Квалификациядан жана аккредитациядан өтүү. Документтер боюнча шилтеме: https://www.kumtor.kg/ru/informacziya-dlya-postavshhikov/
- БСни кыргыз же орус тилдеринде даярдап, электрондук түрдө Akram.Mirkarimov@kumtor.kg электрондук дарегине 2026-жылдын 26-майында саат 12:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) жөнөтүү.
Коммерциялык сунуш төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
- Жеткирүү мөөнөттөрү;
- Жеткирүү шарттары;
- Төлөм шарттары;
- БСнин жарактуулук мөөнөтү – сунуш берилген күндөн тартып кеминде 30 календардык күн;
- Милдеттүү түрдө: сунушталып жаткан товарга сертификат берүү.
Жеткирүү жери:
DDP, «Кумтөр Голд Компани» ЖАК кампасы:
- Кыргызстан, Бишкек шаары, Лев Толстой көчөсү / Элебаев көчөсү.
Коммерциялык сунуштарды баалоо критерийлери:
Жеңүүчү болуп талаптарга жооп берген жана эң төмөнкү бааны сунуштаган катышуучу табылат.
«Запрос, R29162 (курулуш материалдары)» темасы менен сунуштарды Akram.Mirkarimov@kumtor.kg электрондук дарегине 2026-жылдын 26-майында саат 12:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) жөнөтүү зарыл.
Кошумча шарттар:
- Заказчы ар кандай сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле келишим түзүлгөнгө чейин тандоо процессин каалаган убакта токтотууга укуктуу жана бул үчүн катышуучуларга эч кандай милдеттенме албайт.
- Баалык сунуш компаниянын расмий бланкында, кол жана мөөр менен берилиши керек.
- Белгиленген мөөнөттөн кеч берилген сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.
- Сунуш берүү менен катышуучу бардык көрсөтүлгөн шарттарга макулдугун билдирет.
- Ар бир катышуучу бир гана баалык сунуш бере алат.
- БСнин жарактуулук мөөнөтү кеминде 30 календардык күн болушу керек.
- Сунуштарды берүү мөөнөтүндө аларга өзгөртүү киргизүүгө жол берилбейт.
- Бардык суроолор төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүлүшү керек: Akram.Mirkarimov@kumtor.kg
- Түшүндүрмө алуу үчүн суроолор сунуштарды берүү мөөнөтү аяктаганга чейин 3 календардык күн мурда жөнөтүлүшү керек.
Тиркеме №1.