Жарыяланган: 11 July 2025
ТАБЫШТАМА БЕРҮҮНҮН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2025-жылдын 18-июлу саат 15:00 чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК Сизди техникалык тапшырмага (№1-тиркемеге) ылайык «курьердик кызматтарды» сатып алуу боюнча баа сунуштарын суроо ыкмасы менен өткөрүлүүчү сатып алууга катышууга чакырат. Талап кылынган документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, электрондук түрдө courier.25@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүүңүздөрдү өтүнөбүз.
Техникалык тапшырма тиркемеде.
Коммерциялык сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтү: 2025-жылдын 18-июлу саат 15:00 чейин.
Тандоого катышуучулар тарабынан көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч берилген конкурс сунуштары кабыл алынбайт жана каралбайт.
Ар бир Катышуучу тандоого бир гана конкурстук сунушун бере алат.
Конкурстук сунуштарын тапшыруу мөөнөтү бүткөндөн кийин аларга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.
Бул конкурс боюнча бардык суроолор adilet.turganbaev@kumtor.kg электрондук дарегине «Курьердик кызматтарды сатып алуу» деген теманын көрсөтүлүшү менен жөнөтүлүшү керек.