Жарыяланган: 26 June 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 6-июлу, саат 14:00 (Бишкек убактысы боюнча).
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК Сизди курьердик кызматтарды көрсөтүү боюнча котировкалар суроо-талапка катышууга чакырат.
Сатып алуунун предмети
Техникалык тапшырмага (№1 Тиркеме) ылайык кат алышууларды жана майда жүк жөнөтмөлөрдү экспресс жеткирүү боюнча курьердик кызматтарды көрсөтүү, ошондой эле жөнөтмөлөрдү өз убагында, ишенимдүү жана коопсуз жеткирүүнү камсыз кылуу.
Кызмат көрсөтүү жери
| Бөлүм | Маалымат |
| Берүү форматы | Катышуу үчүн арыз жана башка документтер келишим боюнча милдеттенмелерди кол коюуга укуктуу болгон ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлушу керек. Документтер кол коюлуп, PDF форматында берилүүгө тийиш. |
| Сунуштарды берүү тартиби | Тандоо катышуучулары арызды орус же кыргыз тилинде ушул сурамдын талаптарына ылайык даярдап, керектүү документтерди тиркеп, электрондук түрдө төмөнкү дарекке жиберүүгө тийиш: marlen.turatbekov@kumtor.kg. Сунуштарды кабыл алуу мөөнөтү: 2026-жылдын «06» июль күнү саат 14:00гө чейин. Техникалык тапшырма ушул документациянын ажырагыс бөлүгү болуп саналат (№1 Тиркеме). |
| Коммерциялык сунуштун курамы | Коммерциялык сунуш төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:
|
| Негизги талаптар | Аткаруучу төмөнкүлөрдү камсыз кылууга тийиш: «эшиктен эшикке» жеткирүү; жеткирүү мөөнөттөрүн сактоо (шаар ичинде — 1 күнгө чейин, өлкө ичинде — 4 күнгө чейин, КМШ өлкөлөрүнө — 7 күнгө чейин); жөнөтмөлөрдү Заказчыдан кабыл алып, алуучуга жеткирүү; реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгү; жөнөтмөлөрдүн сакталышын жана маалыматтын купуялуулугун камсыз кылуу; жумуш убактысында жеткирүү (08:00–17:00 же КПга ылайык); тез жеткирүү жана кошумча жеткирүүлөр мүмкүнчүлүгү; таңгак материалдарын камсыз кылуу; жеткирүү мүмкүн болбогон учурда Заказчыны маалымдоо; отчеттуулукту берүү; жөнөтмөлөрдү алуучуга тапшырганга чейин сактоо. |
| Аткаруучуга кошумча талаптар | Материалдык-техникалык жана эмгек ресурстарынын болушу; курьердик кызмат көрсөтүү боюнча 3 жылдан кем эмес тажрыйба; ар кандай аймактарда жана өлкөлөрдө кызмат көрсөтүү мүмкүнчүлүгү; зарыл учурда бардык транспорт түрлөрү менен жеткирүүнү камсыз кылуу. |
| Баалоо критерийлери | Сунуштар төмөнкүлөр боюнча бааланат: эң төмөнкү баа жана Заказчы менен макулдашылган оптималдуу мөөнөттөр. |
| Сунуштарды жөнөтүү | «Запрос котировок — Курьерские услуги» деген тема менен сунуштарды marlen.turatbekov@kumtor.kg дарегине 2026-жылдын «06» июль күнүнө чейин жөнөтүү керек. |
| Заказчынын укуктары | Заказчы каалаган сунушту кабыл алуу же четке кагуу, ошондой эле келишим түзүлгөнгө чейин тандоо процессин токтотуу укугуна ээ. |
| Маанилүү шарттар | Белгиленген мөөнөттөн кеч берилген сунуштар каралбайт. Ар бир катышуучу бир гана коммерциялык сунуш бере алат. Сунуш берилгенден кийин өзгөртүү киргизүүгө жол берилбейт. |
| Коммерциялык сунушка талап | Коммерциялык сунуш катышуучунун расмий бланкында даярдалып, «Кумтөр Голд Компани» ЖАКка даректелип, ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлуп, мүмкүн болсо мөөр менен бекитилип, PDF форматында берилүүгө тийиш. |
| Кошумча шарттар | Сунушун берүү менен катышуучу Компаниянын бардык талаптарына макул экендигин билдирет. Коммерциялык сунуштун аракет мөөнөтү кеминде 30 календардык күн болушу керек. Бул мөөнөт ичинде сунушту өзгөртүүгө жол берилбейт. Бардык суроолор marlen.turatbekov@kumtor.kg дарегине жөнөтүлөт. Түшүндүрмө алуу үчүн суроо-талаптар сунуш берүү мөөнөтүнө 3 календардык күн калганда жөнөтүлүшү керек. |