«Кумтɵр» компаниясы кенже кыргызстандыктарды Эл аралык балдарды коргоо күнү менен куттуктады

«Кумтɵр» компаниясы кенже кыргызстандыктарды Эл аралык балдарды коргоо күнү менен куттуктады

Жарыяланган: 01 June 2016

Бүгүн, Эл аралык балдарды коргоо күнүндɵ, Ысык-Кɵл облусунун Жети-Ɵгүз жана Тоӊ райондорунан, ошондой эле Балыкчы жана Каракол шаарларынан миӊден ашуун бала «Кумтɵр» компаниясынан белек алышты. Салт боюнча облустун балдар үйүлɵрү менен реабилитациялык борборлордогу бөбөктөр, аз камсыз үй-бүлɵлɵрдүн балдары жана мүмкүнчүлүгү чектелген балдар куттуктоо алышты. Компания бɵлгɵн жалпы сумма 500 миӊ сомго жакынды түздү.

Тарбиялануучулары белек алган уюмдарга тɵмɵнкүлɵр кирди: азиздер жана дүлɵйлɵр жамааты, «Тянь-Шандын балдары» баш калкалоочу жайы, «Майып балдар коому» коомдук бирикмеси, «Эл биримдиги» жаштар уюму, «Билимстан» балдар борбору. Компания бɵлгɵн каражаттын бир бɵлүгү аймакта майрамдык иш чараларды ɵткɵрүүгɵ жумшалды. Жети-Ɵгүз жана Тоӊ райондук мамадминистрациялар уюштурган райондук масштабдагы иш чараларда да эки жүздɵн ашуун балага «Кумтɵрдүн» ɵкүлдɵрү компаниянын атынан белек тапшырмакчы.

Кенже кɵлдүктɵрдү куттуктоого компаниянын кызматкерлери да кошулушту. Балдарды белектер менен камсыздоого 80ге жакын билдирме компания кызматкерлеринин күчү менен канааттандырылды. Кумтɵрчүлɵр кеңсе бумдар, китептер, жеке гигиена каражаттары, кийим жана оюнчуктар салынган жеке топтомдорду балдардын курагына жана жынысына жараша чогултушкан. Ар бир кутуда ɵлкɵбүздө жашаган жаныбарлардын сүрɵтү түшүрүлгөн паззлдар менен Кыргызстандын интерактивдүү картасы да бар, аларды «Кумтɵр» компаниясынын колдоосунда «Бугу Эне» коомдук фонду даярдап чыгарган.

kids_with_gifts_june1_2

kids_with_gifts_june1