КУМТӨРДӨ КЫЗМАТКЕРЛЕР АРАСЫНДА КООПСУЗДУК МАРАФОНУ ӨТКӨРҮЛДҮ

КУМТӨРДӨ КЫЗМАТКЕРЛЕР АРАСЫНДА КООПСУЗДУК МАРАФОНУ ӨТКӨРҮЛДҮ

Жарыяланган: 22 November 2023

Коопсуздук эрежелерин бекем сактоо, эмгекти коргоо маданиятын өнүктүрүү максатында «Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коому 2023-жылдын 23-октябрынан 6-ноябрга чейин кызматкерлер арасында коопсуздук марафонун өткөрдү.

Марафондун бардык этаптарында эң мыкты деп табылган кызматкерлерди ишкана жетекчиси Алмазбек Барыктабасов куттуктап, байгелерди тапшырды.

Өндүрүш процесстеринин коопсуздугу жана айлана-чөйрөнү коргоо – «Кумтөр Голд Компани» ишмердүүлүгүндөгү негизги артыкчылыктуу багыттар. Компания бардык кызматкерлери үчүн жагымдуу, коопсуз жумушчу атмосфераны түзүүгө умтулат.