Жарыяланган: 18 February 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 25-февраль, Бишкек убактысы боюнча саат 13:00.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК сизди Кумтөр кенинин электр системасынын абалына аудит жана баалоо жүргүзүү үчүн талап жөнөтүү ыкмасы менен өткөрүлүүчү конкурска катышууга чакырат.
| Тапшыруу форматы: | Конкурстук табыштамага жана башка документтерге табыштамага жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга укугу бар адам тарабынан кол коюлушу керек. Документтер мөөр менен бекитилип, PDF форматында тапшырылышы керек. Кол коюу укугу ишеним кат же тиешелүү документтердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен тастыкталышы керек. |
| Сунуштарды тапшыруу тартиби | Конкурстун катышуучулары конкурстун талаптарына ылайык сунуштарын орус тилинде жана тиешелүү документтердин көчүрмөлөрүн электрондук түрдө Zhyldyzkan.Satybekova@kumtor.kg дарегине 2026-жылдын 25-февралы, Бишкек убактысы боюнча саат 13:00гө чейин жөнөтүшү керек.
Башка почтага же мөөнөтүнөн кийин келген конкурстук сунуштар каралбайт. |
| Конкурска катышуу сунушу төмөнкү документтерди камтышы керек: | Коммерциялык сунуш, төмөнкүлөрдү эске алуу менен:
∙ Кызмат көрсөтүү мөөнөттөрү ∙ Төлөм шарттары ∙ Коммерциялык сунуштун жарактуулук мөөнөтү (кеминде 30 календардык күн) |
| Баалоо критерийлери: | Тандоодон өткөн сунуш деп эң төмөн баа берген, оптималдуу жеткирип берүү мөөнөтүн көрсөткөн сунуш табылат. |
| Сунуштарды Zhyldyzkan.satybekova@kumtor.kg почтасына 2026-жылдын 25-февралы, Бишкек убактысы боюнча саат 13:00гө чейин жөнөтүү керек. | |
| Буйрутмачы, келишим берилгенге чейин, катышуучулардын сунушун кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле конкурс процессин каалаган убакта токтотууга укуктуу, ошол эле учурда катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенмелерге ээ эмес. | |
| Катышуунун сунушу расмий бланкта болушу керек. | |
| Конкурстун катышуучуларынын көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч тапшырылган сунуштары кабыл алынбайт жана каралбайт.
Сунушту тапшыруу менен катышуучу Компаниянын бардык талаптарына макул экенин билдирет. Ар бир катышуучу бир гана конкурс сунушун тапшыра алат. Сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 30 календардык күн болушу керек. Сунуштун жарактуулук мөөнөтүндө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө болбойт. |
|
| Аванс төлөнө турган учурда, жеңүүчү компания аванстык төлөөнүн көлөмүнөн кем эмес суммада авансты кайтарууну камсыз кылган банктык кепилдикти камсыздоого милдеттүү.
Банктык кепилдик Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан корреспондент‑банк тарабынан авизо жөнөтүүгө тийиш. Банктык кепилдиктерди авизо жөнөтүүгө байланыштуу бардык чыгымдарды Жеткирүүчү өз мойнуна алат. Ушул конкурс тууралуу бардык суроолор Zhyldyzkan.satybekova@kumtor.kg электрондук почтасына жөнөтүлүшү керек. Тандоо шарттарына түшүндүрмө алуу үчүн суроолорду сунуштарды тапшыруу мөөнөтүнүн аяктаганына 3 календардык күн калганга чейин тапшыруу керек. |
|