Жарыяланган: 17 October 2025
СУНУШТАРДЫ ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2025-жылдын 27-октябры, Бишкек убактысы боюнча саат 14:00 чейин.
«Кумтор Голд Компани» ЖАК Кумтөр кениндеги объекттердин астын (түбүн) тыгыздоо боюнча жер иштерин аткарууга эки пакеттик ыкма менен чектелбеген катышуу менен конкурс жарыялайт.
Тапшыруу форматы: | Конкурстук сунушка жана башка документтерге конкурстук сунушка жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга укугу бар адам тарабынан кол коюлушу керек. Документтер мөөр менен бекитилип, PDF форматында тапшырылышы керек. Кол коюу укугу ишеним кат же тиешелүү документтердин нотариалдык күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен тастыкталышы керек.
Конкурстук сунушту даярдоонун алдында катышуучу «Конкурстук сунушту даярдоо боюнча көрсөтмө» менен таанышып чыгышы керек (1-тиркеме). |
Квалификациялык жана техникалык сунуштарды тапшыруу тартиби | 1-этап: Квалификациялык жана техникалык бөлүгү |
Конкурстун катышуучулары конкурстун талаптарына ылайык сунуштарын орус тилинде жана тиешелүү документтердин көчүрмөлөрүн электрондук түрдө zemraboty@kumtor.kg дарегине 2025-жылдын 27-октябры, Бишкек убактысы боюнча саат 14:00гө чейин жөнөтүшү керек.
Техникалык тапшырма тиркелет (8-тиркеме). |
|
Конкурска катышуу сунушу төмөнкү документтерди камтышы керек: | Конкурска катышууга кызыгууну тастыктаган кат (2-тиркеме) |
Юридикалык жакты каттоо күбөлүгүнүн скан көчүрмөсү | |
Негизги ишмердүүлүктү аныктаган документтин (Устав) жана жетекчи катары дайындоо чечиминин скан көчүрмөсү | |
Салык жана социалдык төлөмдөр боюнча карыздын жоктугу тууралуу маалымкат (акыркы отчеттук күнгө) | |
2023–2024-жылдар үчүн каржылык отчеттордун скан көчүрмөлөрү:
Бухгалтердик баланс Киреше жана чыгаша тууралуу отчет Акча каражаттарынын кыймылы тууралуу отчет Капиталдын өзгөрүшү тууралуу отчет Же болбосо 2023–2024-жылдар үчүн Бирдиктүү Салык Декларациясы |
|
Адалдык декларациясы (формасы тиркелген; 3-тиркеме) | |
Конкурстук сунушту кепилдеген декларация (4-тиркеме) | |
Техниканын маалыматы (техникалык мүнөздөмөлөрү, каттоо документтери, тейлөө тарыхы, сүрөттөрү) | |
Иштеп жаткан кызматкерлер жана инженердик-техникалык кызматкерлер тууралуу маалымат, тажрыйбасы (5-тиркеме) | |
Ишкер өнөктөштөрдүн тизмеси, аткарылган иштер жана сунуштар (5-тиркеме) | |
Техникалык талаптар | Виброкаток 18 тоннадан кем эмес, 2017-жылдан кийин чыгарылган болушу керек. |
Техникаларда стационардык рациялар жана ИТР кызматкерлеринде көчмө рациялар болушу керек | |
Техникаларда жарык берүүчү маяктар болушу керек | |
2025-жылы 8–9 миң м³, 2026-жылы 100 миң м³ жана андан көп көлөмдөгү иштерди аткаруу үчүн оператор менен бир же эки сменада иштей турган 1 виброкаток талап кылынат | |
Баалоо критерийлери: | 1-этаптан өткөн сунуштар — бардык квалификациялык талаптарга жооп берген жана толук документтерди тапшырган сунуштар. |
Финансылык сунуштарды тапшыруу тартиби | 2-этап: Финансылык бөлүгү |
Финансылык/коммерциялык сунуш пароль менен корголгон архивде тапшырылышы керек (7-тиркеме). Сыр сөз (Пароль) конкурстун жооптуу адамына сурам жөнөтүү менен берилет.
Сыр сөз (Пароль) кеминде 8 белгиден турушу керек жана төмөнкүлөрдү камтышы керек: 1 сан, 1 символ, 1 баш тамга жана 1 кичине тамга. Финансылык/коммерциялык сунуш расмий бланкта ЗАО «Кумтор Голд Компани» дарегине багытталып, баа, аткаруу мөөнөтү жана төлөм шарттары көрсөтүлүшү керек. квалификациялык жана техникалык талаптарга жооп берген катышуучулар дан гана Сыр сөз (Пароль) суралат. |
|
Баалар боюнча талаптар | 11 сааттык бир сменада оператор менен иштөө үчүн «баары камтылган» принципте коммерциялык сунуш:
|
Катышуу сунушу «Земляные работы по уплотнению основания объектов» деген тема менен zemraboty@kumtor.kg дарегине 2025-жылдын 27-октябры, саат 14:00гө чейин жөнөтүлүшү керек. | |
Заказчы, келишим берилгенге чейин, катышуучулардын сунушун кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле конкурс процессин каалаган убакта токтотууга укуктуу | |
Сунуш расмий бланкта болушу керек | |
Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч тапшырылган сунуштар кабыл алынбайт.
Сунушту тапшыруу менен катышуучу Компаниянын бардык талаптарына макул экенин билдирет. Ар бир катышуучу бир гана конкурс сунушун тапшыра алат. Сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 40 календардык күн болушу керек. Сунуштун жарактуулук мөөнөтүндө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө болбойт. Кызмат көрсөтүү келишиминин долбоору таанышуу үчүн берилет (6-тиркеме). Бул долбоор акыркы эмес жана конкурстун жыйынтыгына жараша өзгөртүлөт. Конкурска байланыштуу бардык суроолор жана түшүндүрмөлөрдү сураган каттар gulnur.shirdakova@kumtor.kg дарегине акыркы тапшыруу мөөнөтүнө 3 календардык күн калганда жөнөтүлүшү керек. |
|
Конкурска байланыштуу бардык суроолор жана түшүндүрмөлөрдү сураган каттар gulnur.shirdakova@kumtor.kg дарегине акыркы тапшыруу мөөнөтүнө 3 календардык күн калганда жөнөтүлүшү керек. | |
Келишим техникалык тапшырмага жана тандоо шарттарына жооп берген, 1 жана 2 этаптан өткөн, эң төмөн бааны сунуштаган катышуучуга берилет |
Сиз төмөндөгү документтерди жүктөп алсаңыз болот:
Инструкция по подготовке конкурсной заявки (для поставщиков)
ДЕКЛАРАЦИЯ ДОБРОСОВЕСТНОСТИ И АНТИКОРРУПЦИОННАЯ ОГОВОРКА
ДЕКЛАРАЦИЯ, ГАРАНТИРУЮЩАЯ КОНКУРСНУЮ ЗАЯВКУ
ДОГОВОР ОКАЗАНИЯ УСЛУГ № KGC-PV-