КУМТӨР КЕНИНДЕГИ ЭЛЕКТР ЖАБДУУЛАРЫН ЖАНА ОРНОТМОЛОРУН ЭЛЕКТР МОНТАЖДОО ЖАНА ОҢДОО ЖУМУШТАРЫНЫН ПОЗИЦИЯСЫНА СЕРВИС-КОНТРАКТ ШАРТТАРЫНДА КОНКУРС ӨТКӨРҮҮ ЖӨНҮНДӨ

КУМТӨР КЕНИНДЕГИ ЭЛЕКТР ЖАБДУУЛАРЫН ЖАНА ОРНОТМОЛОРУН ЭЛЕКТР МОНТАЖДОО ЖАНА ОҢДОО ЖУМУШТАРЫНЫН ПОЗИЦИЯСЫНА СЕРВИС-КОНТРАКТ ШАРТТАРЫНДА КОНКУРС ӨТКӨРҮҮ ЖӨНҮНДӨ

Жарыяланган: 16 July 2025

ТАБЫШТАМА БЕРҮҮНҮН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2025-жылдын 22-июлу саат 12:00 чейин.


“Кумтөр Голд Компани” ЖАК Кумтөр кениндеги электр жабдууларын жана орнотмолорун электр монтаждоо жана оңдоо жумуштарынын позициясына сервис-контракт шарттарында конкурс өткөрүү жөнүндө жарыялайт.

Сунушту electrician2025@kumtor.kg почтага жөнөтүү керек.

 Позициянын аталышы: «Кумтөр» кенинде электр жабдууларын жана орнотмолорун электр орнотуу жана оңдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн


МИЛДЕТТҮҮ ТАЛАПТАР

  • Талапкер жарыяга тиркелген тиркемелерди толтурууга тийиш.

МИЛДЕТТЕРИ

  • Колдонуудагы КТЭ (коопсуздук техникасынын эрежелери) жана ТЭЭ (Техникалык эксплуатациялоо эрежелери) эрежелеринин талаптарын сактоо менен жумуш тапшырмаларын жана буйруктарын аткарат;
  • Жумуш тапшырмасына ылайык электр жана жарык берүү тармактарынын жабдууларынын аварияларын жоюу боюнча оңдоо иштерин аткарат;
  • Жабдууларды жана электр тармактарын модернизациялоого, аларды реконструкциялоого байланыштуу электр жумуштарын аткарат;
  • Тейленүүчү аппараттардын жана жабдуулардын жакшы абалын, авариясыз жана ишенимдүү иштешин, алардын туура иштешин жана өз убагында сапаттуу оңдоону камсыз кылат.
  • Кабелдик линияларды оңдоо, монтаждоо жана демонтаждоо, бириктирүүчү муфталарды монтаждоо ж. б. боюнча иштерди аткарат.
  • Электр машиналарын, электр жабдууларын жана электр шаймандарын оңдоо, монтаждоо жана жөнгө салуу боюнча иштерди аткарат;
  • Ар кандай татаал электр орнотуу жумуштарын аткарат.

МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР

  • КТЭ жана ТЭЭ күбөлүктөрүнүн болушу;
  • Энергетика тармагындагы кесиптик-техникалык же орто билим;
  • “В” категориясындагы айдоочулук күбөлүгү;
  • Кесиби боюнча 3 жылдан кем эмес электромонтер катары иш тажрыйбасы.

ШАРТТАРЫ:

  • Иштеген жери: Кумтөр кен ишканасы14/14
  • Иштөө графиги: толук жумуш убактысы
  • Төлөм: аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча.
  • Акы төлөө аткарылган иштер боюнча аткаруучудан электрондук эсеп-фактураны алгандан кийин банктык 10 күндүн ичинде жүргүзүлөт..

Аткаруу документтерин берүү боюнча талаптар

  • Паспорт;
  • Соттолбогондугу жөнүндө күбөлүк;
  • Жеке ишкердин патентинин же күбөлүгүнүн болушу керек;
  • Банк реквизиттери;
  • Резюме;
  • КТЭ жана ТЭЭ күбөлүктөрүнүн болушу; энергетика жаатындагы кесиптик-техникалык же орто билими.

 

Документтерди көчүрүп алыңыз:

ОБЩИЕ УСЛОВИЯ ДОГОВОРА

ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА

ДЕКЛАРАЦИЯ ДОБРОСОВЕСТНОСТИ И АНТИКОРРУПЦИОННАЯ ОГОВОРКА

ДЕКЛАРАЦИЯ, ГАРАНТИРУЮЩАЯ КОНКУРСНУЮ ЗАЯВКУ

ФОРМА ЗАЯВКИ НА УЧАСТИЕ В КОНКУРСЕ

ОБЯЗАТЕЛЬСТВО О НЕРАЗГЛАШЕНИИ КОНФИДЕНЦИАЛЬНОЙ ИНФОРМАЦИИ