«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИНИН» ПРЕЗИДЕНТИ АЛМАЗБЕК БАРЫКТАБАСОВ «MINEX EURASIA 2023» XI КОНФЕРЕНЦИЯСЫНА КАТЫШТЫ

«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИНИН» ПРЕЗИДЕНТИ АЛМАЗБЕК БАРЫКТАБАСОВ «MINEX EURASIA 2023» XI КОНФЕРЕНЦИЯСЫНА КАТЫШТЫ

Жарыяланган: 28 November 2023

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун президенти Алмазбек Барыктабасов Лондондо (Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугу) өтүп жаткан «MINEX Eurasia 2023» XI эл аралык конференциясына катышты.

Конференция «Кыргыз Республикасында, Арменияда, Монголияда, Казакстан жана Өзбекстанда туруктуу тоо-кен өндүрүшү» деген жалпы теманын алкагында өтүп, тоо-кен жана металлургиялык компанияларга, инвесторлорго, финансисттерге, мамлекеттик жөнгө салуучуларга жана кызмат көрсөтүүчүлөргө багытталган.

«Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын жетекчиси Алмазбек Барыктабасов конференциянын алкагында «Кыргыз Республикасында, Арменияда, Казакстанда, Монголияда жана Өзбекстанда минералдык ресурстарды өнүктүрүү жана чет өлкөлүк түз инвестициялар үчүн мүмкүнчүлүктөр» деп аталган №3 сессиясында сөз сүйлөп, компаниянын туруктуу ишмердүүлүгү, өнүгүүсү, геологиялык чалгындоо жана жаңы кендерди өздөштүрүү боюнча пландарын айтып берди.

Дүйнөнүн алдыңкы тоо-кен компанияларынын жетекчилери жана эксперттери менен болгон сессиялык талкуунун жүрүшүндө Алмазбек Барыктабасов алтын казып алуу боюнча акыркы технологиялык чечимдер менен таанышты. Конференциянын катышуучулары өндүрүштү уюштуруу, коопсуздук эрежелерин жана экологиялык талаптарды сактоо жаатында тажрыйба алмашуу боюнча макулдашышты.

Алмазбек Барыктабасов жана сессиянын башка катышуучулары геологиялык чалгындоо боюнча мамлекеттик программалардын эффективдүүлүгүн жогорулатуу, тоо-кен тармагына жеке инвестицияларды тартуу жана тобокелдиктерди азайтуу, ESG-көрсөткүчтөрүн жакшыртуу боюнча маселелерди талкуулашты.