«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИНИН» ӨКҮЛДӨРҮ ТАЛДЫБУЛАК-СОЛ ЖЭЭК АЛТЫН КЕНИНДЕ БОЛУШТУ

«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИНИН» ӨКҮЛДӨРҮ ТАЛДЫБУЛАК-СОЛ ЖЭЭК АЛТЫН КЕНИНДЕ БОЛУШТУ

Жарыяланган: 27 November 2023

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун Өндүрүш боюнча вице-президенти Кубанычбек Турдукожоев баштаган делегация «Алтынкен» ишканасынын Талдыбулак-Сол жээк алтын кенинде болушту.

Таанышуу мүнөзүндөгү бул иш сапардын жүрүшүндө «Кумтөр Голд Компани» менен «Алтынкен» компаниясынын өкүлдөрү өндүрүштү уюштуруунун принциптери, инженердик инновацияларды иш жүзүндө колдонуу, экологиялык стандарттарды жана талаптарды сактоо боюнча пикир алмашышты.

Талдыбулак-Сол жээкте кен жер астынан казылып алынгандыктан, алтын казуу ыкмаларына өзгөчө көңүл бурулду. «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын кызматкерлери кен казылып жаткан штольнянын ичине кирип, алтын ылгоочу фабрикага барышты.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар тажрыйба алмашуу жана мындан ары да кызматташуу максатында эки тараптуу байланыштарды улантууну макулдашышты.

Белгилей кетсек, «Кыргызалтын» ачык акционердик коому «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын 100% акциясына жана «Алтынкен» ЖЧКсынын 40% үлүшүнө ээ.