“КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ” ЖАК ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНУН ТҮП РАЙОНУНУН ЖАБЫР ТАРТКАН АЙЫЛДАРЫНА ЖАРДАМ КӨРСӨТӨТ

“КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ” ЖАК ЫСЫК-КӨЛ ОБЛУСУНУН ТҮП РАЙОНУНУН ЖАБЫР ТАРТКАН АЙЫЛДАРЫНА ЖАРДАМ КӨРСӨТӨТ

Жарыяланган: 17 August 2023

Табигый кырсыктардын кесепетинен Кең-Суу жана Байзак айылдары олуттуу зыянга учураган. Турак жайлар, чарбалык курулуштар, талаалар жана жолдор 2-7 август күндөрү өткөн селден жабыркаган.

Жаратылыш кырсыгы Талды-Суу, Корумду жана Көөчү айылдарына да таасирин тийгизди. Буга байланыштуу “Кумтөр Голд Компани” ЖАК жергиликтүү тургундарга материалдык жардам көрсөтүү үчүн 1 000 000 (бир миллион сом) бөлдү.