«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» ЖАК ПРЕЗИДЕНТИ АЛМАЗБЕК БАРЫКТАБАСОВ РАДИО ЖАНА ТЕЛЕВИДЕНИЕ КЫЗМАТКЕРЛЕРИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» ЖАК ПРЕЗИДЕНТИ АЛМАЗБЕК БАРЫКТАБАСОВ РАДИО ЖАНА ТЕЛЕВИДЕНИЕ КЫЗМАТКЕРЛЕРИН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

Жарыяланган: 08 December 2023

Урматтуу радио жана телевидение кызматкерлери!

Компаниянын жана жеке өзүмдүн атымдан бардыгыңыздарды кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын радио жана телевидение кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Дал ушул күнү, 1958-жылдын 8-декабрында кыргыз телевидениесинде эң биринчи телеберүү эфирге чыккан. Андан бери 65 жыл өтсө дагы көгүлтүр экран ар бирибиздин турмушубузда өзгөчө орунду ээлеп келет. Сиздердин аркаңыздар менен биз өлкөдө жана дүйнөдө болуп жаткан баардык окуялардан кабардарбыз. Силердин кызмат маалымат таратып, коомдук пикирди жаратуу гана эмес, элибизге руханий азык берип, коомду туура жолго салган агартуучулук дагы милдетти аракалап жатканыңарды баса белгилегим келет.

Ушул күнү сиздерге чын дилимден узун өмүр, бакыт-таалай жана чыгармачылык мыкты эргүүнү каалайм. Түйшүктүү жана жооптуу ишиңерди ийгиликтер коштоп, угармандар менен көрүүчүлөрдүн алкоосуна татып жүрө бериңиздер!