«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» ЖАК ПРЕЗИДЕНТИ АЛМАЗБЕК БАРЫКТАБАСОВ ИШКАНА КЫЗМАТКЕРЛЕРИН НООРУЗ МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» ЖАК ПРЕЗИДЕНТИ АЛМАЗБЕК БАРЫКТАБАСОВ ИШКАНА КЫЗМАТКЕРЛЕРИН НООРУЗ МАЙРАМЫ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

Жарыяланган: 21 March 2024


«Урматтуу кесиптештер, «Кумтөр Голд Компанинин» жетекчилигинин атынан бардыгыңыздарды күн менен түн теңелген Нооруз майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктайм!

Нооруз майрамы – жаңыланууну, жаздын келишин, руханий тазаланууну билдирген бай тарыхы жана терең мааниси бар өзгөчө майрам. Жаздын келишин баарыбыз чыдамсыздык менен күтөбүз, анткени жаз күнүнүн алгачкы нурлары менен жаратылыш ойгонуп, бизди курчап турган дүйнө жаңы түстөргө бөлөнөт.

Эзелтеден элибиз Ноорузду жаңы жыл катары майрамдап, жакшы тилек, үмүттөрүн айтышкан. Бул жыл биздин компания үчүн дагы, ар бирибиз үчүн дагы жемиштүү жана ийгиликтүү болот деп ишенем. Бул майрамдык күнү ар бириңиздерге бакыт-таалай, бакубатчылык, жакшы маанай жана бардык пландарыңыздын аткарылышын каалайм!

Майрамыңыздар менен, достор!»