«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» ЖАБЫК АКЦИОНЕРДИК КООМУНУН ПРЕЗИДЕНТИ АЛМАЗБЕК БАРЫКТАБАСОВ КОМПАНИЯНЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИН АТА МЕКЕНДИ КОРГООЧУЛАР КҮНҮ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» ЖАБЫК АКЦИОНЕРДИК КООМУНУН ПРЕЗИДЕНТИ АЛМАЗБЕК БАРЫКТАБАСОВ КОМПАНИЯНЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИН АТА МЕКЕНДИ КОРГООЧУЛАР КҮНҮ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ

Жарыяланган: 22 February 2024

Кымбаттуу достор!

Сиздерди «Кумтөр Голд Компанинин» жетекчилигинин жана жеке өзүмдүн атымдан Кыргыз Республикасынын Ата Мекенди коргоочулар күнү менен чын дилимден куттуктайм.

Тарыхта бул майрамда мырзаларга сый көрсөтүү салтка айланган. Ар бириңер апаларыңыз, жубайларыңыз, эже-карындаштарыңыз, кыздарыңыз үчүн ишенимдүү тирек, бекем таянычсыңар деп терең ишенем!

Кезинде армияда аскердик милдетин өтөп келген кесиптештериме ушул күнү өзгөчө ыраазычылыгымды билдиргим келет. Анткени армия – бул ар бир мырзаны жоопкерчиликке, чечкиндүү жана эрктүү болууга тарбиялаган жашоонун зор мектеби деп эсептейм.

Майрамыңыздар кут болсун, урматтуу мырзалар!

Баарыңыздарга мыкты маанай, чың ден соолук, ишиңиздерге ийгилик жана бардык жакшылыктарды каалайм!