«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» ЖАБЫК АКЦИОНЕРДИК КООМУНУН ПРЕЗИДЕНТИ АЛМАЗБЕК БАРЫКТАБАСОВ КОМПАНИЯНЫН ГЕОЛОГДОРУН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ – КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ГЕОЛОГДОР КҮНҮ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ!

«КУМТӨР ГОЛД КОМПАНИ» ЖАБЫК АКЦИОНЕРДИК КООМУНУН ПРЕЗИДЕНТИ АЛМАЗБЕК БАРЫКТАБАСОВ КОМПАНИЯНЫН ГЕОЛОГДОРУН КЕСИПТИК МАЙРАМЫ – КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ГЕОЛОГДОР КҮНҮ МЕНЕН КУТТУКТАДЫ!

Жарыяланган: 07 April 2024

Кымбаттуу достор,

«Кумтөр Голд Компанинин» жетекчилигинин атынан бардыгыңыздарды кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын Геологдор күнү менен куттуктайм!

Геология – бекем эркти, зор чыдамкайлыкты талап кылат. Ошол эле учурда геология – жаңы ачылыштарга умтулган, өз ишине чын дилинен берилгендердин кесиби. Геологдордун өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымы дагы өзгөчө. Кыргызстандын аймагындагы пайдалуу кендер дал ошол геологдордун аркасында ийгиликтүү иштеп, өлкө казынасына жыл сайын орчундуу пайда келтирүүдө. Анын ичинде Кыргызстандагы ири Кумтөр алтын кенинде да геологдор абдан маанилүү милдеттерди аркалап келишет.

Бүгүнкү күндө биздин алдыбызда Тоголок кенин иштетүү, Жангарт аянтында геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүү, Кумтөр кен жайынан алтынды жер астынан казып алуу сыяктуу чоң милдеттер турат. Бул максаттардын бардыгын сиздерсиз орундатуу мүмкүн эмес. Бүгүнкү майрамдын алдында баардык геолог кесиптештерибизге зор ийгилик, кажыбас кайрат жана бекем ден соолук каалайм!

Урматтоо менен,
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК Президенти
Алмазбек Барыктабасов