КГК ПРЕЗИДЕНТИ АЛМАЗБЕК БАРЫКТАБАСОВ КУМТӨР КЕН ЖАЙЫНЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ

КГК ПРЕЗИДЕНТИ АЛМАЗБЕК БАРЫКТАБАСОВ КУМТӨР КЕН ЖАЙЫНЫН КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ

Жарыяланган: 05 April 2024

«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун президенти Алмазбек Барыктабасов Кумтөр  кен жайынын жетекчилиги жана жалпы кызматкерлери менен жолугушту.

Алмазбек Барыктабасов белгилегендей, өткөн жыл «Кумтөр Голд Компани» үчүн ийгиликтүү болду.

«Компания республикалык бюджетке 17 миллиард 241 миллион 71 миң сом которду. Бул силердин күжүрмөн эмгегиңердин акыбети. Кумтөрдөгү иш ыргагын бир калыпта кармап, күнү-түнү тынбай иштеп, өлкө казынасына олуттуу салым кошуп жаткан эмгегиңер үчүн ыраазычылык билдирем», – деди ал.

Ошондой эле компаниянын жетекчиси Кумтөр кен жайындагы жер астынан алтын казуу долбоору тууралуу да кенен маалымат берип, бул ыкма алтын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө жардам берерин кошумчалады.

Тоголок алтын кенин иштетүү, Жангарт аянтында геологиялык чалгындоо жүргүзүү 2024-жылдагы эң негизги жумуштар экенин баса белгилеген Алмазбек Барыктабасов «бул жана башка долбоорлор ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугун кеңейтүүгө, алтын өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүгө жана рентабелдүүлүктү жогорулатууга багытталган», — деди.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кумтөр кен жайынын кызматкерлери «Кумтөр Голд Компанинин» жетекчилигине кызыккан суроолорун берип, аларга ар тараптуу жооп ала алышты.