ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМАНЫН ТАЛАПТАРЫНА ЫЛАЙЫК ЭМЕРЕКТЕРДИ ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА

ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМАНЫН ТАЛАПТАРЫНА ЫЛАЙЫК ЭМЕРЕКТЕРДИ ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА

Жарыяланган: 09 September 2026

АРЫЗ БЕРҮҮ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 14-сентябры, саат 12:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча).


«Кумтөр Голд Компани» ЖАК (мындан ары – Буйрутмачы) укуктуу жеткирип берүүчүлөрдү техникалык тапшырманын талаптарына ылайык эмеректерди жеткирүү боюнча баа сунуштарын суроо жол-жобосуна катышууга чакырат.

Товарлардын тизмеси Excel таблицада берилген (ар бир позиция өзүнчө каралат).

Жалпы талаптар

  1. Сунуш, коммерциялык сунуштарды жана келишим боюнча милдеттенмелерди кол коюуга ыйгарым укуктуу жак тарабынан кол коюлушу жана уюмдун мөөрү менен бекитилиши керек (бар болсо).
  2. Берилүүчү документтердин форматы — PDF.
  3. Каттын темасы төмөнкүдөй болушу керек:
    «[компаниянын аталышы] товарларды жеткирүү боюнча баа сунуштарын сурап алуу»
  4. Сунуш төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүлүшү керек:
    zaproskotirovokvspom@kumtor.kg
  5. «Кумтөр Голд Компани» ЖАКка буга чейин жеткирүү тажрыйбасы жок болгон учурда, төмөнкү шилтеме боюнча документтерди толтуруу аркылуу квалификациядан/аккредитациядан өтүү талап кылынат:
    https://www.kumtor.kg/ru/informacziya-dlya-postavshhikov/

Коммерциялык сунуш уюмдун расмий бланкында таризделиши керек.

Сунуштун мазмуну

Сунушта төмөнкүлөр көрсөтүлүшү зарыл:

  1. Кимге: «Кумтөр Голд Компани» ЖАКка;
  2. Кимден: катышуучу компаниянын толук аталышы;
  3. Байланыш маалыматтары: юридикалык дареги, телефону, жооптуу адамдын электрондук почтасы;
  4. Сунуш түзүлгөн дата, кол тамга жана мөөр;
  5. Сунушталып жаткан товарлардын аталышы;
  6. Товарлардын техникалык мүнөздөмөлөрү жана сүрөттөрү;
  7. Бардык тиешелүү салыктарды жана «КГК» ЖАКтын кампасына жеткирүүнү камтыган бир даана товар үчүн баа;
  8. Жеткирүү жери: Бишкек ш., Ибраимов көч., 24, «КГК» ЖАКтын кампасы / Балыкчы ш., Нарын шоссеси, 9, станция коду 721900;
  9. Сунуштун жарактуулук мөөнөтү (кеминде 30 календардык күн);
  10. Товарды жеткирүү мөөнөттөрү;
  11. 100% жеткирилгенден жана товар кабыл алынгандан кийинки төлөм же алдын ала төлөм болгон учурда алдын ала төлөмдүн суммасына банктык кепилдик берүү керек.

Валютасы:

Резиденттер коммерциялык сунушту улуттук валютада, чет өлкөлүк валютанын курсуна байланыштырылбаган түрдө бериши керек.

Резидент эместер коммерциялык сунушту каалаган валютада берүүгө укуктуу.

Ушул Чакыруу боюнча суроолор жаралган учурда, катышуучу түшүндүрмөлөрдү алуу үчүн Буйрутмачыга электрондук почта аркылуу төмөнкү элктрондук дарек боюнча кайрыла алат: Zarina.Andasheva@kumtor.kg

 

БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР