ТЕХНИКАЛЫК СҮЛГҮЛӨРДҮ, ТОКУЛБАГАН КЕЗДЕМЕЛЕРДИ ЖАНА ТАШТАНДЫ ҮЧҮН БАШТЫКТАРДЫ ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА

ТЕХНИКАЛЫК СҮЛГҮЛӨРДҮ, ТОКУЛБАГАН КЕЗДЕМЕЛЕРДИ ЖАНА ТАШТАНДЫ ҮЧҮН БАШТЫКТАРДЫ ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА

Жарыяланган: 19 February 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 25-февралы, Бишкек убактысы боюнча саат 14:00.


“Кумтөр Голд Компани” ЖАК (мындан  ары – Буйрутмачы) Техникалык тапшырманын талаптарына ылайык, техникалык сүлгүлөрдү, токулбаган кездемелерди жана таштанды үчүн баштыктарды жеткирүү боюнча баа сунуштарын берүүгө чакырат:

  1. Техникалык сүлгүлөр – 15 000 түрмөк;
  2. Токулбаган кездеме (сүлгүлөр) – 150 түрмөк;
  3. Таштанды үчүн баштыктар (көлөмү 120 литр, өлчөмү 700 x 1100 мм, ар бир түрмөктө 10 даана, кара түстө) – 5000 түрмөк;
  4. Курулуш калдыктары үчүн таштанды баштыктары (көлөмү 240 литр, туурасы 93 см, узундугу 130 см, тыгыздыгы 70 микрон, материалы LDPE, кара түстө) – 2000 түрмөк.

Сунуштар үчүн жалпы талаптар

  1. Коммерциялык сунуштарга жана келишим боюнча милдеттенмелерге кол коюуга укуктуу адам тарабынан кол коюлушу керек, ошондой эле уюмдун мөөрү басылыш керек (эгерде бар болсо).
  2. Тапшырылуучу документтердин форматы PDF.
  3. Каттын темасы төмөнкүчө болушу керек:
     “[Компаниянын аты] жеткирүү үчүн баа сунуштарына суроо-талап”
  4. Сунушту электрондук почта дарегине жөнөтүү керек Zarina.Andasheva@kumtor.kg

Коммерциялык сунуш уюмдун расмий бланкында жазылышы керек.

Сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2026-жылдын 25-февралында саат 14:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча).

Сунуштун мазмуну

Сунушта төмөнкүлөрдү жазуу керек:

  1. Кимге: «Кумтөр Голд Компани» ЖАК
  2. Кимден: катышуучу компаниянын толук аты
  3. Байланыш маалыматтары: юридикалык дареги, телефон номери, жооптуу адамдын электрондук почтасы
  4. Сунуштун даярдалган датасы, кол тамга жана мөөр
  5. Сунушталган товардын аталышы
  6. Продукциянын техникалык мүнөздөмөлөрү жана сүрөттөрү (эгер бар болсо)
  7. Бирдик баасы, бардык тиешелүү салыктар жана «КГК» ЖАКтын кампасына жеткирүүнү эске алганда
  8. Жеткирүү орду: Бишкек, Ибраимов көчөсү 24, «КГК» ЖАК / Балыкчы ш. кампасы, Нарын шоссеси 9, станция коду 721900
  9. Сунуштун жарактуулук мөөнөтү (кеминде 30 календардык күн)
  10. Товарларды жеткирүү убактысы

 

ТЗ на технические полотенце

ТЗ на ветошь