КОНТРАКТТАРДЫ ТЕСКӨӨЧҮ АДИС (Бишкек офиси)
                Жарыяланган:  16 November 2021
                Жабык
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК 
төмөнкү бош кызмат орду жөнүндө жарыялайт
Контракттарды тескөөчү адис (Бишкек офиси)
Билдирүүнүн номери: KGC-21-0255
КЫЗМАТТЫК МИЛДЕТТЕРИ: 
- Техникалык тапшырманы иштеп чыгуу;
 
- Келишимдердин долбоорлорун даярдоо;
 
- Документтердин юридикалык экспертизасы;
 
- Келишимдердин шарттарын түзүү жана аткарылышын контролдоо;
 
- Контракттын негизги шарттарынын өзгөрүүлөрүн контролдоо.
 
МИНИМАЛДУУ ТАЛАПТАР:
- Жогорку юридикалык билим;
 
- Кошумча инженердик билимдин болушу артыкчылыктуу болуп саналат;
 
- Эл аралык долбоорлордо иш тажрыйба 6 жылдан кем эмес;
 
- Келишимдерди администрациялоо тажрыйбасы 5 жылдан кем эмес;
 
- Open book, FIDIC, PMBOK негиздерин билүү;
 
- Диаграммаларды жана чиймелер менен иштегенди билүү;
 
- Сметаларды жана спецификацияларды окуй билүү;
 
- Англис тилин орто деңгээлден жогору билүү (upper intermediate).
 
- Көп көлөмдүү маалымат менен, жана ошондой эле көп тапшырмалуу режимде иштей билүү;
 
- Сабаттуу сүйлөө, конструктивдүү диалог түзө билүү.
 
Анкета жана резюмени 2021-жыл 30-ноябрь саат 16.00 кеч эмес HR@kumtor.kg электрондук дарегине жиберүү керек.
Анкетаны бул шилтеме менен өтүп алса болот.
Анкетада жана электрондук каттын темасына билдирүүнүн номерин көрсөтүү керек: КGC-21-0255.
ЭСКЕРТҮҮ! ТЕМАСЫНДА БИЛДИРҮҮ НОМЕРИ КӨРСӨТҮЛБӨГӨН КАТТАР КАРАЛБАЙТ.
МАЕКТЕШҮҮГӨ ЭҢ ЫЛАЙЫКТУУ ТАЛАПКЕРЛЕР ГАНА ЧАКЫРЫЛАТ.