«Кумтɵр» компаниясынын кызматкерлери Сокулуктагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдар реабилитациялык борборуна жардам берүүсүн улантууда

«Кумтɵр» компаниясынын кызматкерлери Сокулуктагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдар реабилитациялык борборуна жардам берүүсүн улантууда

Жарыяланган: 02 April 2018

«Кумтɵр Голд Компани» ЖАКнун персоналды ɵнүктүрүү жана администрация бɵлүмүнүн кызматкерлери Сокулуктагы мүмкүнчүлүктөрү чектелген балдар реабилитациялык борборуна жардам берүүнү улантууда.
Нооруз майрамынын алдында бөлүмдүн өкүлдөрү аталган борборго кезектеги кайрымдуулук жардам көрсөтүү үчүн барып келишти. Борбордун директору Асанова Айзада Бакасовна айымдын өтүнүчү боюнча, бɵлүм кызматкерлери чогулткан каражатка кире турган эшик жана балдарга жеке гигиена каражаттары менен таттуу белектер алынып жеткирилди.