СЕРВИС КОНТРАКТТЫН НЕГИЗИНДЕ АЙМАКТЫ ТАЗАЛООЧУ ЖАНА ЖАШЫЛДАНДЫРУУЧУ КЫЗМАТЫН КӨРСӨТҮҮ БОЮНЧА (БИШКЕК Ш., ИБРАИМОВ КӨЧӨСҮ 24)

СЕРВИС КОНТРАКТТЫН НЕГИЗИНДЕ АЙМАКТЫ ТАЗАЛООЧУ ЖАНА ЖАШЫЛДАНДЫРУУЧУ КЫЗМАТЫН КӨРСӨТҮҮ БОЮНЧА (БИШКЕК Ш., ИБРАИМОВ КӨЧӨСҮ 24)

Жарыяланган: 29 July 2025

ТАБЫШТАМА БЕРҮҮНҮН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2025-жылдын 6-августу саат 17:00 чейин.


«Кумтор Голд Компани» ЖАК Бишкек ш., Ибраимов көчөсү 24 дареги боюнча сервис контракттын негизинде Аймакты тазалоочу жана жашылдандыруучу кызматын көрсөтүү боюнча сынак жарыялайт.

Сунуштарды төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүү керек: gardener@kumtor.kg

Кызматтын аталышы: Аймакты тазалоочу жана жашылдандыруучу

МИЛДЕТТЕРИ:

  • Дарактарга, бадалдарга, газондорго жана гүлзарларга кам көрүү;
  • Зарылчылыкка жараша өсүмдүктөрдү кенеге жана козу карындарга каршы дарылоо;
  • Топуракты иштетүү, өсүмдүктөрдү отургузуу жана көчүрүү, жер семирткичтерди колдонуу;
  • Өсүмдүктөрдү кол менен же сугат системасы аркылуу сугаруу;
  • Газонду жана бадалдарды кыркуу, дарактарды формалоо;
  • Жыл мезгилине жараша бир жана көп жылдык өсүмдүктөрдү отургузуу;
  • Өсүмдүктөрдү жер семирткичтер менен азыктандыруу, зыянкечтерге каршы күрөшүү;
  • Түшкөн жалбырактарды жана кургак бутактарды жыйноо;
  • Бадалдарды кыркуу жана дарактарды формалоо агротехникалык талаптарга жана эстетикалык нормаларга ылайык жүргүзүлөт;
  • Жазында жана күзүндө жалбырактарды жана органикалык калдыктарды толук тазалоо;
  • Жай мезгилинде жашыл аянттарды үзгүлтүксүз сугаруу;
  • Тротуарларды, жолдорду, кире бериш жолдорду жана тегеректеги аймакты күн сайын тазалоо;
  • Катуу жабууларды шыпыруу, жуу жана чөптөрдү жок кылуу;
  • Урналарды жана таштанды челектерди тазалоо;
  • Кыш мезгилинде кардан тазалоо жана музга каршы каражаттарды колдонуу.

ИШ АТКАРУУЧУГА КОЮЛГАН ТАЛАПТАР:

  • Ушул сыяктуу кызматта кеминде 1 жылдык тажрыйба;
  • Багбанчылык жана агротехника боюнча негизги билимдер;
  • Жоопкерчилик, тактык жана физикалык чыдамкайлык.

ШАРТТАР:

  • Иш орду: Бишкек ш., Ибраимов көчөсү 24;
  • Иш графиги: толук жумуш күнү, жумасына 5 күн (5/2);
  • Эмгек акы: маектешүүнүн жыйынтыгы боюнча аныкталат;
  • Төлөм кызмат көрсөтүүлөр аяктагандан кийин, электрондук эсеп-фактура алынгандан соң 10 банктын иш күнүнүн ичинде жүргүзүлөт.

КЕРЕКТҮҮ ДОКУМЕНТТЕР:

  • Паспорт;
  • Соттолбогондугу тууралуу маалымкат;
  • Патент же Жеке ишкер (ИП) күбөлүгү (эгер бар болсо);
  • Банктын реквизиттери.

 

Сиз төмөндөгү документтерди жүктөп алсаңыз болот:

ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА

№1 ТИРКЕМЕ

Форма запроса коммерческого предложения (КП)