«КУМТӨР КЕНИНДЕГИ ВАХТА ШААРЧАСЫНДАГЫ АШКАНА-БЛОК ЖАНА ОЧОККАНАНЫН УБАКТЫЛУУ ИМАРАТЫН РЕКОНСТРУКЦИЯЛОО» ПРОЕКТИ БОЮНЧА ЖЕЛДЕТҮҮ СИСТЕМАСЫН ЖАБДУУ, ЖЕТКИРҮҮ ЖАНА МОНТАЖДОО ИШТЕРИ БОЮНЧА
Жарыяланган: 29 July 2025
ТАБЫШТАМА БЕРҮҮНҮН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2025-жылдын 4-августу саат 12:00 чейин.
«Кумтөр Голд Компани» ЖАК сизди төмөнкү иштерди аткарууга баа сунуштарын берүүгө чакырат:
«Кумтөр кениндеги вахта шаарчасындагы ашкана-блок жана очоккананын убактылуу имаратын реконструкциялоо» Проекти боюнча желдетүү системасын жабдуу, жеткирүү жана монтаждоо иштери: долбоорго, тиркелген техникалык тапшырмага (Тиркеме №2) ылайык.
Коммерциялык сунуштар тиешелүү документтер, тиркемелер жана баа сунуштары менен кошо, келишимге кол коюу укугу бар адам (же адамдар) тарабынан кол коюлуп, мөөр басылып, PDF форматында берилүүгө тийиш. Кол коюу укугу ишеним кат же ыйгарым укуктарды тастыктаган документтердин көчүрмөсү менен ырасталышы керек.
Конкурс сунуштарын берүү тартиби:
Тандоого катышууну каалаган потенциалдуу катышуучулар Тиркеме №1де көрсөтүлгөн формага ылайык коммерциялык сунушун жана талап кылынган документтердин көчүрмөлөрүн электрондук почта аркылуу жөнөтүшү керек.
Катышуучулар өз сунуштарын электрондук почта аркылуу жөнөтүшөт.
Тандоого катышуу үчүн керектүү документтер:
- Баасы, төлөө шарттары, иштерди аткаруу мөөнөтү жана сунуштун жарактуулук мөөнөтү көрсөтүлгөн коммерциялык сунуш;
- Компания тууралуу кеңири маалымат:
– Иштерди аткарууга керектүү уруксаттар, лицензиялар, сертификаттар, дипломдор;
– Акыркы 3 жылдагы окшош кызматтар боюнча референс тизмеси, сунуш каттар, пикирлер;
- Юридикалык жакты же жеке ишкерди каттоо тууралуу күбөлүктүн скан көчүрмөсү;
- Негизги ишмердүүлүктү аныктаган документтин (Устав) жана жетекчи катары дайындоо чечиминин скан көчүрмөсү;
- 2023–2024-жылдар үчүн каржылык отчеттордун скан көчүрмөлөрү:
– Бухгалтердик баланс;
– Киреше жана чыгаша жөнүндө отчет;
– Акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет;
– Капитал кыймылы жөнүндө отчет;
– Бирдиктүү салык декларациясы;
- Акыркы отчеттук күнгө карата мамлекеттик органдар алдында салык жана камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карыздын жоктугу тууралуу маалымкат;
- Техникалык тапшырма боюнча сметалык эсеп (Тиркеме №3) жана колдонулуучу материалдардын техникалык мүнөздөмөлөрү;
- Техникалык тапшырманын 7 жана 9-пункттарына ылайык башка документтер.
Катышуучу ошондой эле Заказчынын талаптарына ылайык толтурууга же даярдоого тийиш болгон башка документтерди да бериши керек. Бул документтер тандоо учурунда же тандоодон кийин, жеңүүчү менен иштөө алкагында талап кылынышы мүмкүн.
Документтерди төмөнкү темада жөнөтүү керек: «Кумтөр кениндеги вахта шаарчасындагы ашкана-блок жана очоккананын убактылуу имаратын реконструкциялоо».
Жөнөтүү дареги: gulnur.shirdakova@kumtor.kg
Акыркы мөөнөт: 2025-жылдын 4-августу, саат 12:00гө чейин.
Маанилүү эскертүүлөр:
- Тапшыруучу төмөнкү укуктарга ээ:кандайдыр бир сунушту кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле тандоо процессин токтотууга жана бардык сунуштарды четке кагууга укуктуу. Бул учурда Тапшыруучу катышуучулар алдында эч кандай милдеттенмелерди өзүнө албайт.
- Кызмат көрсөтүүлөрдүн баасы: Тандоого катышуучу көрсөткөн кызматтардын баасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бардык салыктарды, жыйымдарды, төлөмдөрдү жана башка чыгымдарды, ошондой эле келишимде көрсөтүлгөн кызмат көрсөтүү мөөнөтүн жана кошумча кызматтарды камтышы керек.
- Баалоо критерийлери: квалификациялык жана техникалык талаптарга жооп берген жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эң төмөн баасын сунуштаган катышуучу Жеңүүчү деп табылат.
- Коммерциялык сунуштарды тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2025-жылдын 4-августу, саат 12:00гө чейин.
- Конкурс сунуштары белгиленген мөөнөттөн кеч берилсе, кабыл алынбайт жана каралбайт.
- Катышуучу өзүнүн сунушун берүү менен Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макул экенин ырастайт.
- Ар бир катышуучу бир гана конкурстук сунуш бере алат.
- Сунуштарды тапшыруу мөөнөтү бүткөндөн кийин баа сунуштарына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө жол берилбейт.
- Бул конкурска байланыштуу бардык суроолор төмөнкү электрондук дарекке жөнөтүлүшү керек: shirdakova@kumtor.kg
Сиз төмөндөгү документтерди жүктөп алсаңыз болот:
Тиркеме №1 – КОНКУРСТУК ТАБЫШТАМА
ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА
ВОР