Centerra Gold Inc. («Центерра») жана «Кумтөр Голд Компани» (КГК) 2019-жылдын экинчи чейректкги өндүрүшүн жыйынтыктаты. КГК алты айда 301 373 унция1 же 9 373,76 кг алтын өндүрүп, 4,22 миллиард сомдон ашуун салыктар жана милдеттүү төлөмдөрдү которгон.

 

Алтын өндүрүү жана сатып өткөрүү
«Кумтөр» кениндеги 2019-ж. II чейрегиндеги алтын ɵндүрүү кɵлɵмү 151 065 унцияны түздү, ал эми 2018-ж. ушул эле мезгилинде алтын ɵндүрүү 83 802 унцияны түзгɵн. 2019-ж. II чейрегиндеги алтын ɵндүрүү кɵлɵмү №18 жана №19 жумуш зоналарынан кампада сакталган бай руданы ɵндүрүү жана жогору ылгоо коэффициенти эсебинен ɵскɵн, ал эми 2018-ж. II чейрегинде №17 жумуш зонасынан жана Сарытөр кенинен алынган алтыны азыраак кен иштетилген. 2019-ж. II чейрегинде АЫФ берилген руданын орточо курамы 3,48 г/т, ал эми алтын ылгоо коэффиценти 82,3% түзсɵ, 2018-жылдын ушул эле мезгилинде бул кɵрсɵткүчтɵр 2,27 г/т жана 70,3% түзгɵн.

2019-ж. экинчи чейрегинде 153 307 унция, же 4 768,38 кг алтын сатып өткөрүлгөн. Алтынды сатып өткөрүүдөн жалпы киреше 2019-ж. экинчи чейрегинде 197,7 млн долларды2 түздү.

 

“Кумтөр” кенинде өндүрүлгөн Доре куймаларын “Кумтөр Голд Компани”, “Кыргызалтын” ААКы жана КР Өкмөтү ортосунда түзүлгөн алтын жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууда каралгандай, Кара-Балта ш. аффинаждык ишканада кайра иштетүү үчүн “Кыргызалтын” сатып алат. Аффинаждалган алтын менен күмүштү КР аймагында жана анын сыртында сатып өткөрүү укугуна жалгыз “Кыргызалтын” ААК гана ээ.

 
Кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууну кошо алганда, тоо-кен иштерине жумшоолор 2019-ж. II чейрегинде 52,4 млн долларды түзүп, 2018-ж. ушул мезгилине салыштырганда 0,8 млн долларга кыскарган. Жумшоолордун 2019-ж. II чейрегиндеги кыскаруусунун себеби иштетилген тоо массаларынын азайуусу менен байланышкан жана ташуу дистанциясынын кыскаруусу менен аба-ырайы шарттарына байланыштуу убактылуу токтотуулардан улам күйүүчү май аз керектелип дизель май сатып алуу чыгымдары (1.9 млн доллар)  кыскарганына байланышкан.

 
Фабрикалык жумшоолор 2019-ж. II чейрегинде 18,1 млн долларды түзcɵ, ал эми 2018-ж. II чейрегинде 16,6 млн долларды түзгɵн. Бул жумшоолордун ɵсүүсү негизинен кɵмүр күкүмүн кайра иштетүү чыгымдары 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кɵбɵйгɵнүнɵ байланышкан (анткени ал кезде кɵмүр күкүмү иштетилип башталган эмес). Ошондой эле катуу порода иштетилип баштагынан улам, майдалоочу каражаттарды сатып алууга чыгымдар ɵскɵн. Мындан тышкары, бул жумшоолордун ɵсүүсү цианид колдонуу кɵбɵйүп, жана анын баасы кɵтɵрүлгɵнүнɵн улам, сатып алуу чыгашасы да ɵскɵнүнɵ байланыштуу. Бул жумшоолордун бɵлүгү тегирмендердин футировкасын алмаштыруу убактысына байланыштуу чыгымдар аз болгону менен компенсацияланат.

 

Кенди багууга жумшоолор
2019-ж. II чейрегинде кен ишкананы багууга жумшоолор 12,0 млн долларды түдү, ал эми 2018-ж. 12,8 млн долларды түзгөн. Бул кыскаруу, келишим кызматтарынын азайганынан улам  кызмат акысы (0,6 млн доллар) азайганына, лагердин материалдык-техникалык камсыздоосуна жумшоолордун  кыскаруусуна байланышкан.

Башка жумшоолордун динамикасы:
Өндүрүм сатып ɵткɵрүүгө байланышкан эскирүү, амортизация чыгашалары көбөйүп, 2019-ж. II чейрегинде 43,6 млн долларды түздү, ал эми 2018-ж. ушул чейрегинде 31,0 млн доллар түзгɵн. Себеби сатып өткөрүү кɵлɵмү ɵскɵнүндɵ жана №19 жумуш зонадан руда чыгышынан улам кыртыш ачуу иштеринин капиталдаштыруусунун амортизациясы да ɵскɵнүндɵ.

 

Негизги фондуларды колдоо үчүн жыйынды жумшоолор:
Негизги фонддорду колдоо үчүн жыйынды жумшоолор орто-аралык продуктунун негизинде сатылган продукциянын унциясына4 карата саналып, дүң киреше салыгын эсепке албаганда, 2019-ж. II чейрегинде 562 долларды түзcɵ, 2018-ж. ушул мезгилинде 1 071 долларды түзгɵн болчу. Бул кыскаруу негизинен продукцияны сатуу кɵлɵмүнүн ɵсүшү жана капиталдаштырууга жаткан кыртыш ачуу иштеринин кɵлɵмүнүн азайышы менен байланышкан. Ал эми кыртыш ачуу иштеринин кɵлɵмүнүн азайышы №19 жумуш зонасынын батыш бɵлүгүндɵгү кен зонасына 2019-ж. июнь айында жеткенине байланышып, бул болсо 2018-жыл менен салыштырмалуу бир кыйла эрте жеткенибизди билдирет. Ошол эле убакта кыртыш ачуу иштеринин капиталдаштыруусу токтотулуп, кийинки кыртыш ачуу жумшоолоры запас наркы эсебине чегерилет. Дүң киреше салыгын камтыган жыйынды жумшоолор орто-аралык продуктунун негизинде сатылган продукциянын бир унциясына4 карата 2019-ж. II чейрегинде 744 долларды түздү, ал эми 2018-ж. ушул маалында ал 1 254 долларды түзгɵн болчу. Бул кыскаруу, негизинен, жыйынды жумшоолордын4 (жогоруда түшүндүрүлгɵн) кыскаруусуна байланышкан жана анын бɵлүгү 2019-ж. II чейрегинде сатылган продукциянын кɵлɵмү ɵскɵнүнɵн улам дүң киреше салыгынын да ɵскɵнү менен компенсацияланат.

Кыргыз Республиксынын казынасына төлөмдөр жана башка милдеттүү которуулар

2019-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар, Социалдык фондуна которуулар жана милдеттүү төлөмдөр 4,22 миллиард сомдон ашты.

Комментарий
«Центерранын» президенти жана башкы кызмат адамы Скотт Перри мындай комментарий берди: «Кумтɵр»  кенинде келишим боююнча иштеген ишканалардын кызматкерлери ушул чейректе олуттуу коопсуздук кɵрсɵткүкɵ – бир жыл жумуш убактысын жоготуусуз иштɵɵгɵ ийгиликтүү жетишкенин кубаныч менен билдиремин. Бул ийгилик «Центерранын» «Work Safe – Home Safe» коопсуздук программасын бардык кызматкерлерибиз кынтыксыз жолдоп,  жумуш орундарында нөл кырсыкка умтулуусун  чагылдырат».

«Ал эми, фабрикада байыраак руда иштетилип, алтын ɵндүрүүнүн кɵлɵмү чоңураак болгонуна байланыштуу Кумтɵрдө ɵзүндɵ да бул чейрек ɵткɵн жылдын ушул эле мезгилине салыштырганда ийгиликтүү болуп, жалпысынан 151 065 унция алтын ɵндүрүлгɵн. Ушул жылдын биринчи чейрегинде байкалган карьердин түндүк-батыш боорундагы жылышуулар турукталып, 2019-ж. II чейрегинде грунттун жылышуулары байкалган эмес».

«Экинчи чейректин жыйынтыктары компаниянын позицияларын бекемдɵɵгɵ, быйылкы күтүлгɵн алтын ɵндүрүүнү 550,000-575,000 унцияга чейин кɵтɵрүүгɵ мүмкүнчүлүк берди. Ошондой эле, Кумтɵр өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор4 (унциясына USD) (салыкка чейинки) 685 доллардан 635 долларга чейин кыскартууга жетишти. Бул болсо компания алкагында консолидацияланган өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор4 (унциясына USD)  (салыкка чейинки) 743 доллардан 713 долларга чейин кыскартылганын билдирет».

 

«Кумтөр» кени Кыргыз Республикасында жайгашып, Борбор Азиядагы батыш компания башкарган эң ири алтын кен. 1997-жылдын май айында өнөр-жайлык өндүрүш башталгандан тартып 2019-жылдын 30-июнуна чейин «Кумтөрдө» жалпысынан 12,3 млн унция алтын өндүрүлгөн.

 

«Кумтөр Голд Компани» бүтүндөй өндүрүштүк цикл үчүн жооптуу «Кумтөр» долбоорунун оператору.

 

«Центерра Голд» Түндүк Америкада, Азияда жана дүйнөнүн башка рынокторунда алтын кендерин алуу, чалгындоо, кайра иштетүү жана эксплуатациялоо менен алектенген алтын өндүрүүчү Борбор Азиядагы эң ири батыш алтын өндүрүүчү канадалык компания. «Центерранын» эки негизги активи – Кыргыз Республикасында «Кумтөр» алтын кени жана Канаданын Британ Колумбия провинциясындагы «Маунт Миллиган» алтын жана жез кени бар жана Түркияда «Оксут Голд» кенинде кен ишкана курууда. «Центерра Голд» «Центерра» акциялары Торонто фондулук биржасында (TSX) CG символунда жүгүртүлөт. Компания Торонто шаары, Онтарио штаты, Канадада жайгашкан.

 

Кыргыз Республикасы «Кыргызалтын» ААК аркылуу «Центерра» акцияларынын эң ири үлүшүнүн – 77 401 766 акциясынын кармоочусу. 2019-жыл, 5-августка карата Кыргызстан акциялар үлүшүнүн наркы 633 млн доллардан ашты.

 

«Центерра Голд» жөнүндө кошумча маалымат жана толук пресс-релиз www.sedar.com  SEDAR системасында, www.centerragold.com жана www.kumtor.kg корпоративдик сайттарда.

 

Кошумча маалымат үчүн ЖМК менен байланыштар бөлүмүнө кайрылыңыздар.

Тел.: (312) 90-07-07; 90-08-08; факс: (312) 90-07-28 KGC.mediа@centerragold.com

– Соңу –