Кыргыз баатырларынын чет элдик меймандары

Кыргыз баатырларынын чет элдик меймандары

Жарыяланган: 24 September 2012

Жогоруда айтылгандай тажрыйба бөлүшүү максатында өткөн аптада Ысык-Көлдөгү белгилүү эс алуу жайларынын биринде КМШ алкагынан келишкен өкүлдөр «Карьердеги алдыңкы технологиялар» аттуу конференцияга чогулушту. Мурунку акындар кийинки акындарга калтырбай уйкаш сөздөрдү колдонуп ыр жазып салган сыяктуу улам убакыт өткөн сайын жаңы нерсе чыгып, кийинки ойлоп табуучуларга, окумуштууларга ачылыш жасоо кыйын болот эмеспи. Ошол сыңары илимдин ар кайсы тармагындагы окумуштуулар, мыкты адистер чогулушуп жаңы технологиялар, өзгөчө ыкмалар менен тажрыйба бөлүшүп, өндүрүштү, ар кандай процесстерди жеңилдетүү, азыраак чыгым кетирүү, жаратылышка зыян келтирбөөнү максат кылышып семинар конференцияларды уюштуруп турушат. Жогоруда айтылгандай тажрыйба бөлүшүү максатында өткөн аптада Ысык-Көлдөгү белгилүү эс алуу жайларынын биринде КМШ алкагынан келишкен өкүлдөр «Карьердеги алдыңкы технологиялар» аттуу конференцияга чогулушту.

Конференцияга модераторлук кылган КРСУнун санарип-технологиялар жана коммуникациялар институтунун директору Виталий Коваленко бул иш-чара боюнча кыскача айтып берди:
– Жыл сайын өтүүчү бул конференция 6-ирет уюштурулду. Ага басымдуу бөлүгү Россия, Казакстан жана Кыргызстандын мыкты адистери такай катышып келишет. Бул жылы чет өлкөлүк коноктордун саны 16 болсо, калган катышуучулар биздин өлкөнүн адистери. Бул адистер тоо-кен байлыктарын ачык жол менен алуунун ыңгайлуу ыкмаларын, зыянсыз жолдорун издеп табуу менен алек болгон адамдар. Ар бир катышуучу өзүнүн сунуш кылган программасы менен келишкен. Мисалы, биздин институт жардыруу иштеринин чебери болгон «Бласт Мейкер» программасын сунуштоодо. Биздин программалык камсыздоо, приборлорубузга Россия, Казакстан, Өзбекстандын тоо-кен ишканалары кызыгып, учурда алар менен кызматташуудабыз. Бул программалар мурункудан айырмаланып тоо-таштарды жардырууда компьютер менен анализденип, так маалыматтар аркылуу план боюнча ойдогудай өлчөмдөгү, көлөмдөгү текти бөлүп алууга шарт түзүп берет. Мунун экономикалык жактан да экологиялык жактан да пайдасы көбүрөөк. Башкача айтканда илгерки учурга караганда аз чыгым кетип, айлана-чөйрөгө да зыяны тийбейт, кооптонуу жаратпайт.

Манас Кабаев, «Кумтөрдүн» жардыруу иштери боюнча инженери:
– Бул конференцияга катышуу биз үчүн көп жаңылыктарды берди. Башка өлкөнүн адистери менен жакындан таанышып, тажрыйба алмашуунун натыйжасында ишибизди жеңилдетүү үчүн көп маалыматтарды ала алдык. Өзүбүз «Кумтөрдүн» атынан электрондук жардыруу детонаторлору жөнүндө айтып бердик. Биз бул нерсени былтыртан баштап колдоно баштаганбыз. Заманбап технологиялардын катарына кирген бул нерсени эң жакшы жагы коопсуздукка кепил боло алат. Мурун бул электрондук детонаторлордун ордуна жанагы шнур тартылган детонаторлорду колдонуп келгенбиз. Андай ыкмада шнур үзүлүп калса жарылбай калуу, убаракерчилик тартуу сыяктуу жактары бар эле. Ал эми бул ыкмада белгиленген убакта жардыруу болуп, аны алыскы аралыктан башкаруу жана керектүү учурда жардырууну токтотуп туруу мүмкүнчүлүктөрү бар. Ал эми конокторубуз бизге диспетчердик пульттардын өзгөчөлүктөрү сыяктуу маселелерди көтөрүп беришти. Ачыгын айтканда алар жаңы деп алып чыккан темаларын биз буга чейин деле колдонуп келгенибиз Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинде илимий-техникалык жактан алдыга озуп кеткенин далилдеди.

Эки күндүк конференциядан соң чет өлкөлүк коноктор «Кумтөргө» кызыгуусу артып жатканын айтышып, ал жайгашкан жерге алып барып көрсөтүүнү өтүнүштү. Анткени, «Кумтөрдүн» атынан келген өкүлдөр берген маалыматтар чет өлкөлүк конокторубуз үчүн жаңылык катары кабылданып, илимий-техника жагынан алдыга кеткен ишкананы өз көздөрү менен көрүү тилеги күч болуп турду.

Аягы үзүлбөгөн текшерүүчүлөр менен конокторго көнүп калышкан кумтөрчүлөр бул жолу да экскурсияга келген визиторлорун кучак жайып тосуп алышты. Балыкчыдагы медициналык пунктан текшерүүдөн өткөн конокторду автобус менен 2,5 саат, «вахтовка» менен 1,5 саат Кыргызстандын кооз жаратылышына суктантып 4 миң метр бийиктикте жайгашкан алтын кенине алып барышты. Алгач карьерди, анан Манастын атындай болгон «Катерпиллер», «Либхиир», «Хитачи» фирмаларынын алп техникаларын иш учурунда, гаражда ремонттолуп жаткан жеринен көрүшүп, алардын жанында сүрөткө түшүшүп, Петров көлүнөн кабар алышып, анан өндүрүштөн ашкан калдыктар көмүлгөн «хвостохранилище» менен таанышышты.
Бир күндүк саякаттан соң бийик тоолуу аймактагы дүйнөдөгү саналуу алтын кендеринин көрүнүктүүсү болгон «Кумтөргө» биринчи келген чет элдик коноктордон ал тууралуу пикирин сурадык:

Мирослав Сончик, «Кустанай Миноралдары» компаниясынын өкүлү (Казакстан):
– Ачыгын айтканда менде таңкалуу сезими болуп жатат. Ушундай бийик тоолуу аймакта жумуш шартын, жашоо шартын мыкты кылып, тартипти бекем орнотуп, күнү-түнү тынбай өндүрүш менен алек болуп жакшы көрсөткүчтөргө жетүү мактоого татыган көрүнүш. Мындай деңгээлде иштеп жаткан ишканасы менен Кыргызстан эле эмес бүткүл Орто Азия, КМШ мактанса болот. Албетте тоо иштеринде кыйынчылыктар көп болот. Учурда «Кумтөрдө» мөңгүнүн карьерди көздөй жылганы маселе жаратып жатыптыр. Бирок, анын да жолун таап жатышкандары ийгилик десем болот. Келечеги кең ишкана катары баа бере алам.
– Казакстан менен Кыргызстан кошуна болгондуктан элдеринин менталитети да жакындашып кетет эмеспи. Сиздердин өлкөдө тоо-кен ишканаларынын жергиликтүү калк компенсация катары «долясын» талап кылышабы?
– Биздин ишканалар соцпакетти толук камсыз кылгандыктан жумушчулар өздөрүнүн ишинен башка эч нерсеге көңүл бурушпайт. Ал эми карапайым калк, жергиликтүү тургундар мындай ишканалар мамлекетке пайда келтирип иштеп жатканын билгендиктен кийлигише беришпейт. Элдер түшүнүү менен мамиле кылышат. Ошол себептен бизде ызы-чуу жокко эсе.
– «Кумтөр» алтын өндүрүү процессинде экологияга зыян келтирип жатат деп айткандар көп. Сиз ошондой учурду байкадыңызбы?
– Адис катары мен экологияга зыян келтирүүчү эреже бузууларды көрө албадым. Анын үстүнө бул калк жашаган аймактан алыс жайгашкан, бийик тоолуу шарттагы өндүрүш бир нерсе болуп кеткен учурда да зыянын тийгизбейт. Башка өлкөлөрдө алтын кендери эл жашаган түз талааларда эле көп жылдардан берип иштеп келе жатат. «Кумтөрдө» коопсуздук, тартип маселеси биринчи орунда турган биринчи келген адамга дароо байкалат экен.

Александр Танайно, Россия Илимдер Академиясынын тоо иштери институ (Новосибирск шары):
– Мен Советтер Союзунун аймагындагы бардык кендерде болуп келгем. Бирок, бул жактагыдай сезимге туш болгон эмесмин. Иш ийгиликтүү жүрүп жатканын көргөндө адамдын көңүлү көтөрүлөт да. Мындай таатал шарттарда баатыр адамдар иштейт экен деп койдум. Анткени, азыр мен аба жетпей араң дем алып жатам. А булар кара терге чөмүлүп иштеп жатышат. КМШнын аймагында Зерофшандан кийин эң кубаттуу карьер экен деген бүтүмгө келдим. Ошондуктан Кыргызстандын жаратылыш берген байлыктарын казып өнүгө бергиле деген гана каалоо-тилегим бар.
– Жаратылышка өндүрүш терс таасирин берип жатканын байкадыңызбы?
– Жаратылышка кандай гана кол салбагын ал зыян деп эсептелет. Түшүм алыш үчүн жерге бир нерсе айдасаң ошол дагы жаратылышка зыян деп бааланат. Анткени, сен жер кыртышын бузуп жатасың, ал жер арыктайт. Антпесең ачка каласың. Ошол сыңары бул кенде мурун турган тоо эле жок болуп калбаса, баары кадимки жаратылыштын жашоосу менен улана берет. Демейде мындай иштерде асманга көтөрүлгөн чаң гана элге жакпайт. Бирок, «Кумтөрдөгү» тоонун таза абасы ал чаңды өзү эле тазалап жокко чыгарып ийет экен. Анын үстүнө жакынкы эл жашаган жерге чейинки аралык 90 чакырым жана ортосун тоолор бөлүп турат тура. Эгерде экологдор келип зыян келип жатат деп айтса аларга ишенбегиле, көптү көргөн аксакал айтты деп мени айтып койгула.

Андрей Миляев, жардыруу участкасынын башчысы (Жетигара шаары):
– КМШдагы эң мыкты техника ушул жерде экен. Болбосо 80 чакырым ар жакта турган Кытайдан деле техника алып келишсе болмок. Демек булар сапатка, коопсуздукка өзгөчө көңүл бурушат экен. Мисалы, эскирип калды деп таштандыга чыгарып салган мобул техникаларды аралык жакын болгондо биз Казакстанга алып барып дагы иштетмекпиз. Ал эми жашоо шарттары, тамак ашы ачыгын айтканда айрым курорттордон озуп кетиптир. Мен көп жаңы нерселерди өзүм үчүн ала алдым. Башка өлкөлөрдү кенде иштеген жумушчулар тамакты сатып ичишет. Ал эми бул жакта биринчи кезекте жумушчулардын тамак-ашы менен ден-соолугуна көңүл бурулаары байкалды.

Кудрет ТАЙЧАБАРОВ
«Жаңы Агым», жума 21.09.12