Сатып алуулар максаттары жана Эффективдүүлүктүн негизги көрсөткүчтөрү

  • Башкы бет »
  • Сатып алуулар максаттары жана Эффективдүүлүктүн негизги көрсөткүчтөрү

Сатып алуулар максаттары жана Эффективдүүлүктүн негизги көрсөткүчтөрү

1-МАКСАТ: Өндүрүштүк муктаждыктарды камсыздоо

• Өндүрүштүк муктаждыктарды түшүнө билүү
• Материалдарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу
– Алгылыктуу баага;
– Талаптагыдай булактардан;
– Керектөөчүнүн муктаждыктарына ылайык өзгөчөлүктөргө шайкеш;
– Зарыл болгон санда жана көлөмдө;
– Өз убагында жеткирүү менен;
– Шайкеш керектөөчү үчүн.

2-МАКСАТ: Сатып алуу жана жабдуу базасын эффективдүү башкаруу

Сатып алуу жана жабдуу базасын эффективдүү башкаруу максатында камсыздоо бөлүмү төмөндөгү негизги баскычтар боюнча иш алпарууга тийиш:
• Камсыздоо бөлүмүнүн тобу баалуу салым кошо ала тургандай потенциалдуу мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо:
– Жалпы этикалык норма жана стандарттардын негизинде кызмат көрсөтүүчү компанияларды баалоо жана тандоо
а) Сатып алуулардын баары бул боюнча кабыл алынган жол-жобого ылайык жүргүзүлүшү керек
б) Долбоорлоо жана башка функционалдык маалыматтар бул процесстин бөлүгү болуп эсептелет
в) Келишимдер камсыздоо бөлүмүнүн катышуусунда түзүлүшү керек
г) Тандоо жана баалоо боюнча команданы активдүү аралаштыруу.
– Спецификациялар же иш көлөмүнө анализ
а) Кызмат көрсөтүүлөрдүн жана материалдарга карата талаптарды анализдөө
б) Мүмкүнчүлүккө жараша компаниянын чыгымдарын кыскарта турган альтернативдик стандартташтырылган материалдарды сунуштоо
в) Өндүрүштүк талаптарды оптимизациялоону камсыздай ала турган мезгилдик анализ

– Товар же кызмат көрсөтүүчу ишканалар менен алака түзүүдө Сатып алуу бөлүмү негизги ролду аткарат
а) Камсыздоо базасын башкаруу, тобокелдиктерди табуу жана азайтуу
б) Кызмат көрсөтүүчү жаңы, потенциалдуу ишканаларды табуу менен кызматташууну өрчүтүү
в) Кызматташып келаткан кызмат көрсөтүүчү ишканаларды жакшыртуу жана өнүктүрүү
г) Келишимдерди тандоо үчүн ыкмаларды аныктоо
д) №1 Максатка зыян келтирбегендей кылып, социалдык жоопкерчиликти эске алуу менен жергиликтүү өндүрүштү колдоо (жергиликтүү калктан сатып алуу)

• Ички өндүрүштүк процесстерди башкаруу
– Камсыздоо бөлүмүн башкаруу
– Компания саясатын жана жол-жоболорун иштеп чыгуу жана алардын чегинде иш алпаруу
– Шайкеш технология жана системаларды киргизүү жана илгерилетүү
– Жабдуу стратегияларын жана структураларын аныктоо
– Ишкананы камсыз кылууда лидерлик
– Кызматкерлердин кесиптик даярдыгы жана өсүш мүмкүнчүлүктөрүн жаратуу

3-МАКСАТ: Ишкананын башка бөлүмдөрү менен тыгыз кызматташууну түзүү

– Талаптарды жана жуурулушууну терең түшүнүү максатында ички керектөөчүлөр менен дайым байланышта болуу
– Ички керектөөчүлөр менен тыгыз байланышты өз маалында камсыздоо
– Рынок тенденциялары, баа, сапат, жеткирүү, божомолдоо жана суроо-талап өңдүү маалыматтарды алмашуу
– Жетишкендиктерди белгилөө.

4-МАКСАТ: Ишкананын максат жана маселелерин колдоо

– Жалпы компаниянын стратегияларына ылайык жабдуу стратегияларын иштеп чыгуу
а) Кызмат көрсөтүүчүлөрдүн жана тенденциялар рыногуна, башкача айтканда, материалдарга баанын жогорулашы, сейрек материалдар, кызмат көрсөтүүдөгү өзгөрүүлөр, ишканага бул тенденциялардын түз таасирин аныктоо
б) Ишмердиктин негизги чөйрөлөрүндө компаниянын стратегияларды, өзгөчө жаңы долбоорлорду ишке ашырууда эң зарыл болгон материал жана кызмат көрсөтүүлөрдү аныктоо
в) Компаниянын керектөөсүнө жабдуунун чарбалык жана ири базасын шайкештиги
г) Компаниянын пландарына шайкеш келчү альтернативдик жана резервдик пландарын иштеп чыгуу
д) Зарылдыгына жараша сапат боюнча отчеттуулук жана байланышты дайым өнүктүрүү
е) Жабдуу бөлүмүнүн кызматкерлери үчүн компаниянын максат жана маселелерин колдоого алчу эффективдүүлүк көрсөткүчтөрүн иштеп чыгуу

Эффективдүүлүктүн маанилүү көрсөткүчтөрү

1) Запастарды башкаруу
– Кампа запастарынын чыгашаларына, түз чыгымдарга, кызмат көрсөтүүлөргө ай сайын мониторинг жүргүзүү;
– Негизги реагенттер жана керектелүүчү материалдар Парето 80/20 – накталай запастар принцибинде орточо 2-3 ай касмыздайт, бюджет менен салыштырылган сатып алуу баалары, рынок тенденцияларына мониторинг жүргүзүү
– Запастарды каттоонун белгиленген бааларга негизделген келишимдерде каралган пайыздык катыштыгы
– Стандарттык запастын тейлөө деңгээли 95% жана зарыл товар, камсыздандыруучу запас, негизги реагенттер жана керектелчү материалдардын тейлөө деңгээли 100%ды түзөт
2) Кызмат көрсөтүүчү ишкананын ишмердигинин көрсөткүчтөрү
– Нарк, арзандатуулар, акы төлөө шарттары Парето 80/20 принцибинде
– Заказдын аткарылыш мөөнөтүнө көз салуу
– Кемчиликтер туурасында отчет.
3) Сатып алуучунун ишмердигинин көрсөткүчтөрү
– Бекитилген категориялар боюнча үнөмдөлгөн каражат (ай сайын)
– Бааны тактоо/сатып алууга сурамдын иштелип чыгышы, пландалгандар менен салыштырылган иш жүзүндөгү маалыматтар (күн сайын жүргүзүлчүлөр үчүн эки жума; тез талап кылынчулар – 1-3 жумушчу күн)
– Чыгымдар/Сатып алууга тескемелердин саны/Ар бир сатып алуучудагы товар саны.
4) Эл аралык жана жергиликтүү сатып алууларга кеткен чыгымга анализ
– Жергиликтүү сатып алууларды көбөйтүүгө ыктоо
– Гезиттерге жарыя берүү