“Кумтөр Голд Компани” ЖАК (КГК) Америка Кошмо Штаттарындагы (АКШ) банкроттук жол-жобосунун демилгелениши боюнча тынчсыздануусун билдирет

“Кумтөр Голд Компани” ЖАК (КГК) Америка Кошмо Штаттарындагы (АКШ) банкроттук жол-жобосунун демилгелениши боюнча тынчсыздануусун билдирет

Жарыяланган: 10 June 2021

2021-жылдын 9-июнунда массалык маалымат каражаттарында жарыяланган билдирүүгө жооп кылып, “Кумтөр Голд Компани” ЖАК (КГК) өзүнүн түзүлгөн күндөн тартып өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүп келгендигин жана жүргүзүп келе жаткандыгын баса белгилейт. Бул шарт Центерра Голд Инк. жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосунда жазуу түрүндө келишимдер менен бекитилген.

КГКнын атынан Центерра Голд Инк. компаниясы макулдашылбаган банкроттук жол-жобосунун демилгеси боюнча жана ошондой эле, дүйнөдө бардык сот процесстеринин токтотулушун, банкроттук жөнүндө арыз бергенге чейин пайда болгон карыздарды өндүрүү боюнча кредиторлордун аракеттерин жана КГКнын кызыкчылыгына каршы айрым башка аракеттерди билдирген АКШнын мыйзамдарына ылайык башталган автоматтык түрдө токтото туруу жол-жобосуна КГК өтө тынчсызданууда.

2021-жылы 31-майда КГКнын жалгыз акционер катары Центерра Голд Инк., КГКнын уставында жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипти бузуп, материалдарды АКШ банктроттук сотунун кароосуна өткөрүп жана  айрым жеке жана юридикалык жактарга КГКнын атынан иш алып барууга укук берип мыйзамсыз чечим чыгарды.  Бул чечимдин юридикалык күчү жок жана КГК аталган чечимди Центерра Голд Инктин жоопкерчиликтен качуу жана өз кызыкчылыктарын гана эске алып КГКнын ишмердүүлүгүнө доо кетирүү максатында жасады деп эсептейт.

Кыргыз Республикасы эгемендүү мамлекет жана АКШнын банктроттук соту тарабынан көрүлө турган чаралар колдонулбайт.   АКШнын банкроттук соту процедуранын автоматтык түрдө токтотулушуна байланыштуу Кыргыз Республикасын буйруктун чөйрөсүнөн четтетүүдөн баш тартканы белгилүү болду, ошол эле учурда Кыргыз Республикасынын кийинки сот угуу этабында автоматтык түрдө токтото туруудан андан ары чыгарып салууну талап кылуу укугу сакталып калды.

КГКнын ишкердиги Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына гана баш ийет.   КГК төлөөгө жөндөмдүү компания жана жакынкы келечекте Кумтөр кенинин туруктуу иштешин камсыз кылуу үчүн товарларды жана тейлөөлөрдү көрсөткөн жеткирүүчүлөру менен өз убагында эсептешүү боюнча жоопкерчиликтен баш тартпайт.  КГК өзунүн социалдык милдентемелерин, жана ошондой эле, Кыргыз Республикасынын бюджетинин, өзүнүн кызматкерлеринин жана жалданма уюмдардын алдында бардык милдеттенмелеринин аткаруусун улантат.