Centerra Gold Inc. («Центерра») жана «Кумтөр Голд Компани» (КГК) 2018-жылдын үчүнчү чейректкги өндүрүшүн жыйынтыкташты. КГК 2018-жылдын алгачкы тогуз айында 306467 унция1 же 9532,76 кг алтын өндүрүп, 5,66 миллиард сомдон ашуун салыктар жана милдеттүү төлөмдөрдү которгон.

Алтын өндүрүү жана сатып өткөрүү
Кумтөрдө алтын өндүрүүнүн көлөмү 2018-ж. үчүнчү чейрегинда 122445 унция же 3,81 тоннаны түздү, ал эми 2017-ж. ушул мезгилинде ал 138561 унция же 4,31 тонна болгон. 2018-ж. үчүнчү чейрегинде 119521 унция же 3,72 тонна алтын сатып өткөрүлгөн. Алтынды сатып өткөрүүдөн жалпы киреше 2018-ж. үчүнчү чейрегинде 142,8 млн долларды2 түздү.

“Кумтөр” кенинде өндүрүлгөн Доре куймаларын КГК, “Кыргызалтын” ААКы жана КР Өкмөтү ортосунда түзүлгөн алтын жана күмүштү сатып өткөрүү жөнүндө макулдашууда каралгандай, Кара-Балта ш. аффинаждык ишканада кайра иштетүү үчүн “Кыргызалтын” сатып алат. Аффинаждалган алтын менен күмүштү КР аймагында жана анын сыртында сатып өткөрүү укугуна жалгыз “Кыргызалтын” ААК гана ээ.

Геологиялык чалгындоо иштери
Кумтөрдүн кен талаасын бойлото мүмкүн болгон рудалык минералдашуу зонасынын уландысын издөөгө жалпы көлөмү 60 чакырым чалгындоочу бургулоонун эки жылдык программасын иштеп чыгып, аткара баштады. Негизги бургулоо иштери карьердин борбордук, түштүк-батыш жана Сарытөр аймактарында жана түндүк-чыгыш тилкесинде жүрмөкчү. Программага 18 млн доллар,  6,5 млн доллары 2018-жылы жана 11,5 млн доллары  2019-жылы жумшалат.  2018-жылы бургулоо кыртышка жакын бөлүктөрдү, анын ичинде борбордук карьердин түндүк-батышындагы «хоккей клюшкасы» деп аталган зонада жүрөт. Андан сырткары борбордук жана түштүк-батыш карьерлердин ортосунда бургулоо жүрөт. Жалпы 8318 метр көлөмдөгү 30 скважина бургуланган. Бургулоо иштери борбордук, түштүк-батыш жана түндүк-чыгыш карьерлеринде аткарылган. Бургуланган скважиналардын көбү (4507 метр жалпы узундуктагы 17 скважина) карьердин борбордук участогунун «хоккей клюшкасы» зонасында. Түштүк-батыш карьерде жалпы узундугу 2297,7 метр жети скважина бургуланган. Түндүк-чыгыш аймагында жалпы узундугу 1512,4 метр алты скважина бургуланган. 2018-ж. төртүнчү чейрегинде бургулоо иштери негизинен борбордук карьердин түндүк-чыгыш кырында жүрүп, рудалык минералдашуунун кыртышка жакын бөлүктөрү сынамакка алынат. Андан сырткары,  «хоккей клюшкасы» зонасынын түндүк-батыш уландысы жана түндүк-чыгыштагы флангалары сынамакка алынат.

Скважиналардын жайгашуу орду жана тиешелүү графика төмөнкү шилтеме боюнча берилген:

http://resource.globenewswire.com/Resource/Download/9a34de56-af74-465c-8617-99019cd8a4a7.

Операциялык жумшоолор жана топтомо көрсөткүчтөр
2018-ж. үчүнчү чейрегинде кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууну кошо алганда, операциялык жумшоолор (сатып өткөрүү көрсөткүчтөрүнүн негизинде)4 5,5 млн долларга өстү жана 62,9 млн долларга жетти, 2017-ж. ошол эле мезгилинде ал 57,4 млн долларды түзгөн. Кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууну кошо алганда, операциялык жумшоолордын башкы түзүүчүлөрүнүн (тоо-кен иштери, фабрикалык кайра иштетүү жана кенди кармап туруу), бирок запастардын деңгээли өзгөргөнгө чейинки динамикасы төмөнкүдөй түрдө түшүндүрүлөт.

Кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууну кошо алганда, тоо-кен иштери 
2018-ж. үчүнчү чейрегинде кыртыш ачуу иштерин капиталдаштырууну кошо алганда, тоо-кен иштерин жүргүзүүгө жумшоолор жалпы 53,2 млн долларды түздү, ал 2017-ж. ушул мезгилиндегиден 4,6 млн долларга көп. 2018-ж. үчүнчү чейрегинде жумшоолордун өсүшү дизель отуну кымбаттап, жана аны сарптоо менен техника иштетүү убактысы узартылганга (6,5 млн доллар) байланыштуу, ошондой эле эмгек акы төлөөнүн өсүшүнөн келип чыккан. Жумшоолордун көрсөтүлгөн өсүшү жардыруучу заттарга жумшоолорду кыскартуунун (1,7 млн доллар) жана 2017-ж. ошол чейрегине салыштырмалуу үзгүлтүксүз өркүндөтүү системин киргизүүнүн артыкчылыктарынын эсебинен жартылай теңдештирилген.

Руданы фабрикада кайра иштетүү
2018-ж. үчүнчү чейрегинде фабрикалык жумшоолордын көлөмү 2017-ж. ошол чейрегиндегы 19,5 млн долларга салыштырмалуу 17,0 млн долларды түздү. Бул азайуу 2017-ж. үчүнчү чейрегинде өз алдынча жарым майдалануу тегирмен, шар тегирменинин жана жеткире майдалоочу тегирмендин футеровкаларын жалпы ремонттоого фабриканы пландуу токтотуп, андыктан 2018-ж. үчүнчү чейректе фабрика токтобой иштегендиктен, техникалык тейлөөгө жумшоолордын азайышы (3,5 млн доллар) менен байланышкан. Бул кыскартуу 2018-ж. гана башталган көмүртектик бөлүкчөлөрдү кайра иштетүү менен байланышкан жумшоолордун жогорулашы менен жартылай теңдештирилген.

Кен ишкананын жумшоолору
2018-ж. үчүнчү чейрегинде кен ишканасын колдоого жумшоолор жалпы 12,1 млн долларды түздү, 2017-ж. ал 10,6 млн долларды түзгөн. Көбүнчөсү азык-түлүктүн кымбатташы жана башка жумшоолор өскөнүнө байланышкан чыгымдардын өсүшү камсыздандыруу сыйлыктарды төмөндөтүү менен жартылай теңдештирилген.

 Башка жумшоолордун динамикасы:
2018-ж. үчүнчү чейрегинде алтынды сатып өткөрүүгө байланышкан жешилүүгө, кунарсынданууга жана амортизацияга жумшоолор өсүп, 36,2 млн долларды түздү, а 2017-ж. ушул чейрегинде ал 27,8 млн долларды түзгөн. Бул өсүш негизинен алтынды сатып өткөрүү көлөмүнүн көбөйүшү жана №18 иш участогунан бай руданын келип түшүшүнөн улам, кыртыш ачууну капиталдаштыруунун амортизациясы жогорулашына байланышкан. Өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор4 (унциясына USD), дүң кирешеге салыгын кошпогондо, 2018-ж. үчүнчү чейрегинде 662 долларды түздү, ал 2017-ж. ушул чейрегинде 806 долларды түзгөн. Бул кыскаруу негизинен продукцияны сатып өткөрүү көлөмүнүн өсүшү, кыртыш ачуу иштерин капиталдаштыруунун төмөндөшү жана негизги фондуларды кармап турууга жумшоолордын төмөндөшү менен байланышкан. Өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолор салыктарды кошкондо4 (унциясына USD) 2018-ж. үчүнчү чейрегинде 831 долларды түздү, ал 2017-ж. ушул чейрегинде 982 долларды түзгөн. Бул кыскаруу негизинен негизги фондуларыды колдоого жалпы жумшоолордун4 кыскарганына байланышкан.

Негизги өндүрштүк натыйжалар5

КР казынасына төлөмдөр жана башка милдеттүү которуулар
2018-жылдын үчүнчү чейрегинде Кыргыз Республикасынын бюджетине салыктар, Социалдык фондуна которуулар жана милдеттүү төлөмдөр 1,5 миллиард сомдон ашты.

Кумтөрдүн салык жана милдеттүү төлөмдөр түрүндөгү тогуз айдагы салымы

Комментарий
Центерранын Президенти жана Башкы кызмат адамы Скотт Перри мындай деп белгиледи: “Бардык өндүрүштүк бөлүктөр чейректи травматизмге учурабай аякташты, жана биз максатыбызга: өндүрүштөгү кырсыктардын нөлдүк деңгээлине умтулуу менен Work Safe – Home Safe коопсуздук программабыздын экинчи фазасын улантуудабыз.
Чейректе ичинде жана иштердин графигинен озуу менен Кумтөр анда алтындын жогорку курамы менен рудалар жаткан карьердин борбордук участогунун SB зонасына чыкты жана ал жактан сырье казып алууга жана кайра иштетүүгө киришти. Мунун натыйжасында Кумтөр өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолору (унциясына USD)4 662 доллар өлчөмүндө122 миң унциядан ашуун алтын өндүрүп, пландуу көрсөткүчтөрдү ашыра аткарды.
Үчүнчү чейректеги кирешелерибизди ачыктоодон кийин компания Кумтөр кен ишканасындагы алтын өндүрүүнүн жылдык планын 490-510 миң унцияга чейин, жалпы “Центерра” боюнча – 665-705 миң унцияга чейин көбөйттү. Андан тышкары, өндүрүштү колдоого жалпы жумшоолору (унциясына USD)4 чегин Кумтөрдө – 700-750 долларга чейин, а Маунт Миллиган үчүн — до 825-875 долларга чейин (салыктарга чейин) дагы төмөндөттүк, ал жалпысынан компания боюнча 782-829 долларды түзөт”.

***
Кумтөр кен ишканасы Кыргыз Республикасында жайгашып, Борбор Азиядагы батыш компания башкарган эң ири алтын кен. 1997-жылдын май айында өнөр-жайлык өндүрүш башталгандан тартып 2018-жылдын 30-сентябрына чейин Кумтөрдө жалпысынан 11,8  млн унция же 367,21  тонна алтын өндүрүлгөн.

«Кумтөр Голд Компани» бүтүндөй өндүрүштүк цикл үчүн жооптуу «Кумтөр» долбоорунун оператору.

 «Центерра» Түндүк Америка, Азия жана дүйнөнүн башка рынокторунда алтын кендерин алуу, чалгындоо, иштетүү жана өркүндөтүү менен алек,  Борбор Азиядагы эң ири батыштык алтын өндүрүүчү компания. «Центерранын» эки негизги активи –  Кыргыз Республикасында «Кумтөр» кени менен Канаданын Британ Колумбия провинциясындагы «Маунт Миллиган» кени бар жана Түркияда 100% ээ болгон Оксүт кенинде үчүнчү өндүрүшүн курууда. «Центерра» акциялары Торонто фондулук биржасында (TSX) CG символунда жүгүртүлөт. Компания Торонто шаары, Онтарио штаты, Канадада негизделет.

Кыргыз Республикасы «Кыргызалтын» ААКы аркылуу 77 401 766 акция үлүшү менен «Центерранын» эң ири  акционери. 2018-жыл, 14-ноябрга карата Кыргызстан акциялар үлүшүнүн наркы 285 млн доллардан ашты.

“Центерра” жөнүндө кошумча маалымат жана пресс-релиз толугу менен SEDAR www.sedar.com   системасында жана www.centerragold.com  жана  www.kumtor.kg корпоративдик сайттарда.

Кошумча маалымат үчүн ЖМК менен байланыштар бөлүмүнө кайрылыңыздар.

Тел.: (312) 90-07-07; 90-08-08; факс: (312) 90-07-28 KGC.mediа@centerragold.com
Соңу