ОКУЯЛАРГА МОНИТОРИНГ ЖҮРГҮЗҮҮ КЫЗМАТЫН КӨРСӨТҮҮ БОЮНЧА (SECURITY OPERATIONS CENTER)

ОКУЯЛАРГА МОНИТОРИНГ ЖҮРГҮЗҮҮ КЫЗМАТЫН КӨРСӨТҮҮ БОЮНЧА (SECURITY OPERATIONS CENTER)

Жарыяланган: 18 August 2025

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 28.08.2025, Бишкек сааты боюнча 17:00го чейин.


Кумтөр Голд Компани” ЖАК Сервис-контракт шарттарында ыкчам Коопсуздук борбору-иш-чараларга мониторинг жүргүзүү боюнча конкурс өткөрүү жөнүндө жарыялайт.

Почтага сунушуңузду жөнөтүү үчүн: sockumtor2025@kumtor.kg  

Позициянын аталышы: окуяларга мониторинг жүргүзүү кызматын көрсөтүүгө.

 

Көндүмдөр жана компетенциялар:

  • Маалыматтык коопсуздук окуяларын (SIEM, SOAR, XDR, AV, FW, IPS/IDS, DLP ж. б.) коргонуу каражаттары аркылуу мониторингдөө жана талдоо;
  • Маалымат коопсуздугу боюнча инциденттерди каттоо жана иликтөө;
  • Инциденттерди жогорку деңгээлдеги линияларга эскалациялоо;
  • SOC борборунун 24/7 режиминде иштешин камсыз кылуу үчүн нөөмөттүк иш графиги;
  • Коопсуздук системаларында инциденттерди аныктоонун жаңы сценарийлерин иштеп чыгуу;
  • Маалыматтык коопсуздук инциденттерине жооп кайтаруу пландарын (playbook) иштеп чыгуу жана аларды автоматташтыруу;
  • Маалыматтык коопсуздуктун типтүү инциденттеринин базасын жүргүзүү жана актуалдуулугун камсыз кылуу;
  • Жалган ишке кирүүлөрдү аныктоо жана аларды жок кылуу боюнча сунуштарды берүү;
  • Коопсуздук системаларынын абалын көзөмөлдөө

Аткаруучуга коюлган квалификациялык талаптар:

Тилдерди билүү:

  • Орус тилинде – эркин сүйлөшүү керек;
  • Кыргыз тилинде – эркин сүйлөшүү керек;
  • Англис тилинде – ортодон жогору (Upper Intermediate) же жогорку деңгээл (Advanced).
  • Маалымат коопсуздугунун негиздерин билүү;
  • Windows жана Unix системаларынын иштөө принциптерин базалык деңгээлде түшүнүү;
  • Тармактык протоколдордун иштөө логикасын түшүнүү (OSI модели жана/же TCP/IP)
  • Active Directory системасынын негизги принциптерин түшүнүү (аутентификация механизмдери, чабуулдар);
  • MITRE ATT&CK жана Cyber Kill Chain сыяктуу ыкмалар аркылуу чабуулчулардын негизги тактикасын жана техникасын билүү жана түшүнүү.

Иш шарттары:

  • График: 1х2 (экиден бир күн);
  • 1 нөөмөт: 15 саат;
  • Кеңсе: Бишкек шаары, Ибраимова 24.

 

Сиз төмөндөгү документти жүктөп алсаңыз болот:

ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА

ФОРМА ЗАПРОСА КП

Приложение №1