“Кумтөр” кен ишканасында тоо-кен куткаруучулар командаларынын ар жылдык мелдеши болуп өттү

“Кумтөр” кен ишканасында тоо-кен куткаруучулар командаларынын ар жылдык мелдеши болуп өттү

Жарыяланган: 29 August 2012

На руднике «Кумтор» прошли ежегодные соревнования горно-спасательных команд“Кумтөр” кен ишканасында тоо-кен куткаруучулар командаларынын он экинчи ар жылдык мелдеши болуп өттү. Ага бул жылы жети команда – Кумтөр Оперейтинг Компанинин” ар кайсы бөлүмдөрүнөн төрт команда, Монголиядан “Бороо Голд” компаниясынын өкүлү болушкан куткаруучулар командасы, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана “Кыргызалтын” ААКсынын куткаруучу түзүлүштөрү катышышты.

Мелдеш өзүнө көп кабаттуу объектидеги куткаруу иштерин, өрт өчүрүү көндүмдөрүн көрсөтүүнү, түтүн каптаган жайдан жапа чеккендерди эвакуациялоону жана химиялык булгануу очогун жок кылууну камтыды. Мунун баары мелдеш 4000 метр бийиктикте атайын жабдууларды жана кийимдерди пайдалануу менен өткөндүгү менен татаалдашкан.
Жыйынтыгында жалпы командалык эсепте биринчи орунду Монголиядан келишкен куткаруучулардын командасы ээледи. Экинчи орун – “Кумтөр” кен ишканасынын экинчи куткаруучулар командасында, үчүнчү орун – компаниянын Балыкчыдагы өткөөл базасынын командасында болду. Мелдештин жыйынтыгы боюнча жеңүүчү командалар эстелик кубоктор жана баалуу сыйлыктар, а бардык катышуучулар белектер жана сертификаттар менен сыйланышты.

«Биз Монголиядан келишкен меймандардын ийгилигине кубанычтабыз, алар тапшырмаларды аткарууда мыкты убакытты жана өз ара эң сонун аракеттенүүнү көрсөтүштү. “Кумтөр” кен ишканасындагы тоо-кен куткаруучу командалардын мелдештери салттуу болуп калды. Анын башкы максаты – куткаруучу түзүлүштөрдүн билимдерин жана көндүмдөрүн текшерүү, тажрыйба алмашуу жана авариялык-куткаруучу техниканы пайдалануунун алдынкы методдорун киргизүү. “Кумтөрдүн” куткаруучулары да өздөрүн жогорку класстагы адистер жана дайыма жардамга келүүгө даяр экендиктерин көрсөтө алышты. “Кумтөр” олуттуу окуяларсыз туруктуу иштеп жатат, себеби өнөр жай коопсуздугунун бардык стандарттарын бекем кармануу – биздин колмпаниянын ишиндеги сөзсүз кездешүүчү приоритет”, – деп белгиледи жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземинде “Кумтөр Оперейтинг Компанинин” өндүрүш боюнча вице-президенти Родни Ступарик.

Кошумча маалымат үчүн ММКлар менен байланыштар боюнча бөлүмгө кайрылыңыздар