МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК КАМСЫЗДОО БӨЛҮМҮНҮН КЫЗМАТТАРДЫ САТЫП АЛУУ ТОБУНА ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК КАМСЫЗДОО БӨЛҮМҮНҮН КЫЗМАТТАРДЫ САТЫП АЛУУ ТОБУНА ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО

Жарыяланган: 01 December 2025

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 15.12.2025, 16:00го чейин.


“Кумтөр Голд Компани” ЖАК жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү арасында Материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн кызматтарды сатып алуу тобуна эки жылдык такшалма өтүү үчүн тандоо жүргүзөт.

Талаптар:

  • «Юридикалык» же «Экономикалык» багыттагы аякталган жогорку билим
  • MS Office программасын, анын ичинде Excel программасын ишенимдүү колдонуу
  • Сатып алууларды эсепке алуу үчүн корпоративдик программалар жана маалыматтык системалар менен иштөө жөндөмүнүн болушу (каалоого жараша, милдеттүү эмес);
  • Сатып алуулар боюнча стандарттарды жана процедураларды билүү артыкчылык катары каралат;
  • Жакшы коммуникативдик көндүмдөргө ээ болуу жана команда менен иштөө жөндөмү;
  • Аналитикалык ой жүгүртүү, жогорку жоопкерчилик, деталдарга көңүл буруу жана стресске туруктуулук — маалыматтын чоң көлөмү менен иштей билүү жөндөмү талап кылынат.

Милдеттери:

  • Корпоративдик программаларга жана системаларга жеткирүүчүлөр жана сатып алуу заказдары жөнүндө маалыматтарды киргизүү жана жаңылоо;
  • Товарларды жана кызматтарды сатып алууга арыздарды даярдоого катышу;
  • Компаниянын керектөөлөрүнө ылайык материалдарды жана кызматтарды сатып алууга арыздарды даярдоо, тариздөө жана жөнөтүү;
  • Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн жеткирүү шарттарын, мөөнөттөрүн жана баасын тактоо;
  • Сунуштарга суроо-талаптарды даярдоо жана жеткирүүчүлөрдүн сунуштарын талдоо:
  • Коммерциялык сунуштарга суроо-талаптарды даярдоого көмөк көрсөтүү;
  • Алынган коммерциялык сунуштарды талдоо жана баалар менен шарттар боюнча салыштырма анализдин отчетторун түзүү;
  • Жеткирүүчүлөр менен ички колдонуучулардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү координациялоо жана үзгүлтүксүз жеткирүүлөрдү камсыз кылуу.
  • Келишимдин шарттарын даярдоого жана макулдашууга катышуу;
  • Жеткирүүчүлөр менен келишим түзүү процессинде колдоо көрсөтүү;
  • Төлөм тапшырмаларын жана келишимдерди архивдөө.

Такшалма шарттары:

  • Акы төлөнүүчү такшалма
  • Такшалма мөөнөтү – 2 жыл
  • Такшалма өтүү жери – Бишкек ш. кенсе
  • Такшалма графиги – 5/2

Тандоого катышуу үчүн:   

  • 2025-жылдын 15-декабрда саат 16:00 кечикпестен шилтеме аркылуу өтүп, анкетаны толтуруп, ага бардык керектүү документтерди тиркөө керек.

Тестирлөөгө жана маектешүүгө эӊ ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.