МАТЕРИАЛДЫК-ТЕХНИКАЛЫК КАМСЫЗДОО БӨЛҮМҮНҮН (ХИМИЯЛЫК РЕАГЕНТТЕР ЖАНА ЖАРДЫРГЫЧ ЗАТТАР ТОБУНА) ЭКИ ЖЫЛДЫК ТАКШАЛМА ӨТҮҮ ҮЧҮН ТАНДОО
Жарыяланган: 04 March 2026
ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 11.03.2026, 16:00го чейин.
“Кумтөр Голд Компани” ЖАК Материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн (Химиялык реагенттер жана жардыргыч заттар тобуна) эки жылдык такшалма өтүү үчүн ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүн тандоо жүргүзөт. Программага Кыргыз Республикасынын жарандары гана катыша алышат.
Талаптар:
- Бүтүрүлгөн толук жогорку билим;
- MS Office программаларын, анын ичинде Excelди ишенимдүү билүү;
- Иш каттарын алышуу боюнча көндүмдөр, сабаттуу жазуу жана оозеки сүйлөө;
- Кийинки тилдердин бирин билүү: англис, кытай же түрк тили;
- Сатып алуу стандарттарын жана жол-жоболорун билүү артыкчылык болуп эсептелет;
- Аналитикалык ой жүгүртүү жана кунт коюп иштөө жөндөмдүгү.
Милдеттер:
- Жабдуучулар жана сатып алуу тапшырмалары боюнча маалыматтарды корпоративдик программаларга жана системаларга киргизүү жана жаңылоо;
- Товарларды жана кызматтарды сатып алуу үчүн табыштамаларды даярдоого катышуу;
- Компаниянын муктаждыктарына ылайык материалдарды жана кызматтарды сатып алуу боюнча табыштамаларды даярдоо, тариздөө жана жөнөтүү;
- Товарлар менен кызматтарды жеткирүү шарттарын, мөөнөттөрүн жана бааларын тактоо;
- Сунуштарга болгон суроо-талаптарды даярдоо жана жабдуучулардын сунуштарын талдоо;
- Коммерциялык сунуштарга болгон суроо-талаптарды даярдоого жардам көрсөтүү;
- Келишимдердин шарттарын даярдоого жана макулдашууга катышуу;
- Жабдуучулар менен келишимдерди түзүү процессин коштоп жүрүү;
- Төлөм тапшырмаларын жана келишимдерди архивдөө.
Такшалманын шарттары:
- Акы төлөнүүчү такшалма
- Такшалманын узактыгы – 2 жыл
- Такшалманын орду – Бишкек шаарындагы кеңсе
- Такшалманын графиги – 5/2
Тандоого катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- Анкетаны толтуруп, баардык керектүү документтерди 2026-жылдын 11-мартында 16:00дөн кечиктирбестен шилтеме аркылуу өтүп тиркеңиз.
Тестирлөөгө жана маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.