Кыргыз агробизнести камсыздоо жана өнүктүрүү долбоору «Кумтөр» компаниясынын колдоосу менен Ысык-Көл областында 1 500 гектар жерди реабилитациялоону жүргүзмөкчү

Кыргыз агробизнести камсыздоо жана өнүктүрүү долбоору «Кумтөр» компаниясынын колдоосу менен Ысык-Көл областында 1 500 гектар жерди реабилитациялоону жүргүзмөкчү

Жарыяланган: 17 April 2014

«Кумтөр» компаниясы жана Жер семирткичтерди өнүктүрүү эл аралык борбору (IFDC) тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан Кыргыз агробизнести жабдуу жана өнүктүрүү долбоору (KAED) Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районунун Светлая Поляна жана Жети-Өгүз айыл аймактарындагы жалпы аянты 1 500 га болгон эки жер участогун реабилитациялоо боюнча биргелешкен долбоорду башталды. Долбоорду ачуу салтанаты 2014-жылдын 16-апрелинде Светлая Поляна айыл аймагында өттү. Жерлерди реабилитациялоо боюнча иштерди 2014-жылдын аягына карата аяктоо пландаштарылууда.

«Кумтөр» компаниясы жерлерди реабилитациялоо боюнча долбоор үчүн 242 миң АКШ долларын бөлдү. KAED долбоору жана жергиликтүү фермерлер адистерди жана жумушчу күчүн бөлүшөт. Жергиликтүү калк жана KAED тарабынан салым 80 миңге жакын АКШ долларын түзөт. Иш ирригациялык системаларды реабилитациялоого жана топурактын асылдуулугун калыбына келтирүүгө багытталмакчы, ал жерлерди айыл чарба жүгүртүүсүнө киргизүү үчүн зарыл.

«KAED долбоорунун адистери жергиликтүү жамаат жерлерди реабилитациялоо ишине активдүү тартылышы үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен тыгыз иштешмекчи. Жерлерди реабилитациялоо жана айыл чарбасынын жемиштүүлүгүн жакшыртуу региондун 3 500 фермеринин жашоосуна оң таасир берет. Жети-Өгүз районунун Кабак айылындагы биринчи участокто насос станциясы реконструкцияланып, суу чыгаруу жана суу киргизүү ремонттолот, суткалык жөнгө салуу бассейни тазаланат жана трансформатор жана электр линиясы орнотулат. Светлая Поляна айыл аймагындагы экинчи участокто суткалык жөнгө салуу бассейни калыбына келтирилет. Андан тышкары, 50 гектарлык кеңири масштабдагы демонстрациялык талаа уюштурулат, ал реабилитацияланган жерлерди ижарага берүүгө өбөлгө түзөт», – деп белгиледи KAED долбоорунун жетекчиси Хичмет Демири.

2013-жылы KAED долбоору «Кумтөр» компаниясынын колдоосу менен Жети-Өгүз районунда эки участокту реабилитациялаган. 2014-жылдагы жаңы долбоор өткөн жылда жүргүзүлгөн ийгиликтүү мисалга жана ишке негизделет. Болочокто реабилитацияланган жерлерде түшүмдүүлүктү жогорулатуу боюнча технологиялар жана топурактын асылдуулугун калыбына келтирүү боюнча заманбап методдор колдонулса, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмү 50%га көбөйө тургандыгы күтүлүүдө. Жерлер реабилитациялангандан кийин фермерлер буудайдын, арпанын жана көп жылдык чөптүн түшүмдөрүн көбөйтө алышат. Ошондой эле картошка, сарымсак, май жана буурчак сыяктуу башка өсүмдүктөрдү да өстүрүүгө болот.