КЫЗМАТТАРДЫ САТЫП АЛУУГА ЭКИ ПАКЕТТИК ЫКМАДА, ЧЕКТЕЛБЕГЕН КАТЫШУУ МЕНЕН ӨТКӨРҮЛҮҮЧҮ КОНКУРСКА КАТЫШУУ (2 ЛОТ)

КЫЗМАТТАРДЫ САТЫП АЛУУГА ЭКИ ПАКЕТТИК ЫКМАДА, ЧЕКТЕЛБЕГЕН КАТЫШУУ МЕНЕН ӨТКӨРҮЛҮҮЧҮ КОНКУРСКА КАТЫШУУ (2 ЛОТ)

Жарыяланган: 19 February 2026

ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2026-жылдын 27-февралы, Бишкек убактысы боюнча саат 17:00.


«Кумтөр Голд Компани» ЖАК 2026‑жылга төмөнкү кызматтарды сатып алууга эки пакеттик ыкмада, чектелбеген катышуу менен өткөрүлүүчү конкурска катышууга чакырат:

Лот 1. «КГК кызматкерлеринин ден соолугун чындоо үчүн Ысык-көл, Чүй жана Нарын облустарынын аймагындагы кымыз менен дарылоо жайларынын кызматтарын көрсөтүү»

Лот 2. «КГК кызматкерлерин ден соолугун чыңдоо үчүн Ысык-көл жана Чүй облустарынын аймагында жайгашкан эс алуу үйлөрүнүн кызматтарын көрсөтүү»

Тапшыруу форматы: Конкурстук табыштамага жана башка документтерге келишим боюнча табыштамага жана милдеттенмелерге кол коюуга ыйгарым укугу бар адам кол коюуга тийиш. Кол коюучунун ыйгарым укуктары ишеним кат же тиешелүү документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү менен тастыкталууга тийиш. Документтер мөөр басылып, PDF форматында берилиши керек.

 Конкурстук сунушту даярдоонун алдында Катышуучу конкурстук табыштаманы даярдоо боюнча нускама менен таанышуусу зарыл (Берүүчүлөр үчүн) (Тиркеме 1)

Конкурс эки этапта өткөрүлөт жана ар бир этап үчүн эки өзүнчө кат таризделиши керек:

Биринчи кат (биринчи этап үчүн) квалификациялык жана техникалык бөлүгүн тастыктаган документтер менен кошо берилет. Темада “Ден соолукту чыңдоо квалификациялык документтер” – ЛОТ 1, 2” деп көрсөтүү керек (лоттордун номерлери берилген лотко же лотторго жараша көрсөтүлөт);

Экинчи кат (экинчи этап үчүн) финансалык сунуш менен берилет.

Темада “Ден соолукту чыңдоо финансылык документтер –ЛОТ 1, 2” деп көрсөтүү керек (лоттордун номерлери берилген лотко же лотторго жараша көрсөтүлөт);

1-этап: Квалификация жана техникалык бөлүк
 Квалификациялык жана техникалык сунуштарды тапшыруу тартиби Конкурстун катышуучулары конкурстун талаптарына ылайык Кыргыз жана/же орус тилдеринде сунуш берип, керектүү документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, аларды электрондук түрдө  ozdorovlenie@kumtor.kg электрондук дарекке 2026-жылдын 27-февралына  саат 17:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) жөнөтүүлүшү керек.

Техникалык тапшырма тиркелет (Тиркеме7/8)

Катышуу үчүн сунуш төмөнкү документтерди камтышы керек: Конкурска катышууга кызыкдар экенин тастыктаган кат, табыштаманын формасы тиркелген (Тиркеме 2)
Юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн сканерленген көчүрмөсү
Негизги ишмердүүлүктүн түрүн аныктаган документтин (Устав) сканерленген көчүрмөсү, ошондой эле жетекчи катары дайындоо жөнүндө чечимдин сканерленген көчүрмөсү.
Мамлекеттик органдарга акыркы отчеттук датага карата салыктык төлөмдөр жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча карыздардын жоктугу тууралуу маалымкат (Кыргыз Республикасынын тургундары үчүн).
Кыргыз Республикасынын тургундары үчүн:

2023-2024-жылдардагы каржылык отчеттуулуктун оригиналынын сканерленген көчүрмөлөрү:

·      Бухгалтердик баланс баракчасы;

·      Киреше жана чыгым тууралуу отчет;

·      Акча каражаттарынын кыймылы жөнүндө отчет;

·      Капиталдагы өзгөрүүлөр жөнүндө отчет;

·      Же 2023-2024-жылдар үчүн Бирдиктүү Салык Декларациясы.

Резидент эместер үчүн: 2023-2024-жылдардагы каржылык туруктуулугун тастыктаган документ

Ак ниеттүүлүк жөнүндө декларациясы, табыштама формасы тиркелген (Тиркеме 3)
Конкурстук табыштаманы кепилдеген декларация, форма тиркелген (Тиркеме 4)
Берүүчүгө коюлган талаптар

ЛОТ №1

1)   Жайгашкан жери: Ысык‑Көл, Чүй жана Нарын облустарынын аймагында жайгашкан кымыз менен дарылоочу жайлар.

2)   «Жакшыртылган» / «жарым люкс» категориясындагы 2, 3 жана 4 орундуу номерлердин болушу.

3)   Үч маал тамак берүү (анын ичинде күнүнө беш маал  бээнин сүтүн ичүү), путевканын баасына киргизилген болушу керек.

4)   Үй тиричилик техникасынын жакшы иштөөсү (бардык тиричилик шаймандары ишке жарамдуу абалда болушу керек).

Tехникалык Тапшырмага  ылайык Тиркеме 7

Берүүчүгө коюлган талаптар

ЛОТ №2

1)      Жайгашкан жери: Ысык‑Көл, Чүй жана Нарын облустарынын аймагында жайгашкан  эс алуу үйлөрү (пансионаттар).

2)      «Жакшыртылган» / «жарым люкс» категориясындагы 2, 3 жана 4 орундуу номерлердин болушу.

3)      Үч маал тамак путевканын баасына киргизилген болушу керек.

4)      Үй тиричилик техникасынын жакшы иштөөсү (бардык тиричилик шаймандары ишке жарамдуу абалда болушу керек).

Tехникалык Тапшырмага  ылайык Тиркеме 8

Биринчи этап үчүн баалоо критерийлери: Бардык квалификациялык жана техникалык талаптарга жооп берген жана суралган документтердин толук пакетин камтыган сунуш конкурстун биринчи этабынан өттү деп таанылат.

Тандоонун катышуучулары  техникалык тапшырмага ылайык квалификациялык жана техникалык маалыматтарды тастыктоо үчүн талап кылынган бардык документтерди камсыз кылууга милдеттүү.

Каржылык сунушту тапшыруу тартиби 2-этап: Сунуштун каржылык бөлүгү:
  Лот №1:

Лот 1 үчүн каржылык/коммерциялык сунуш өзүнчө жогоруда көрсөтүлгөн талаптардын бардык шарттарын сактоо менен, сырсөз коюлган архивде берилет.

Лот №2:

Лот 2 үчүн каржылык/коммерциялык сунуш  дагы өзүнчө архив менен (же конкурстун шарттарында көрсөтүлгөндөй бир архивдин ичинде өзүнчө файл катары) берилет,  ошол эле милдеттүү элементтер — наркы, аткаруу мөөнөтү жана төлөө шарттары менен.

Сырсөз ушул конкурс боюнча жооптуу адамдын суранычы боюнча гана берилет.

Архивдин сырсөзү кеминде 6 символдон турушу керек. Катышуучунун расмий фирмалык бланкындагы каржылык/коммерциялык сунуш “Кумтөр Голд Компани” ЖАКына даректелүүгө тийиш, мында наркы, иштерди аткаруу мөөнөттөрү жана төлөө шарттары милдеттүү түрдө көрсөтүлүшү керек.

Сырсөздөр квалификациялык жана техникалык талаптарга жооп берген катышуучулардан гана суралат.

Эгерде каржылык/коммерциялык сунуш  сырсөзсүз берилсе же квалификациялык документтер менен бирге жөнөтүлүп калса, сатып алуучу уюмдун конкурстук комиссиясы маалыматтын купуялуулугун камсыз кылууга жоопкерчилик тартпайт.

Катышуу үчүн сунуш каттын темасын көрсөтүү менен ozdorovlenie@kumtor.kg электрондук дарегине 2026‑жылдын «27» февралында, Бишкек убактысы боюнча саат 17:00гө чейин жөнөтүлүүгө тийиш.

Биринчи кат (биринчи этап үчүн) квалификациялык жана техникалык бөлүктү тастыктаган документтер менен берилет.

Каттын темасында  “Ден соолукту чыңдоо квалификациялык документтер” – ЛОТ 1, 2” деп көрсөтүү керек (лоттордун номерлери берилген лотко же лотторго жараша көрсөтүлөт);

Экинчи кат (экинчи этап үчүн) каржылык сунуш менен берилет.

Каттын темасында “Ден соолукту чыңдоо каржылык документтер –ЛОТ 1, 2” деп көрсөтүү керек (лоттордун номерлери берилген лотко же лотторго жараша көрсөтүлөт);

Буйрутмачы тиешелүү катышуучулардын алдында эч кандай милдеттенме албастан, кандайдыр бир же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле келишим берилгенге чейин каалаган убакта конкурстун процессин жокко чыгарууга укуктуу.
Катышуу үчүн сунуш катышуучунун расмий бланкында даярдалышы керек.

 

БАРДЫК ТИРКЕМЕЛЕР