Жарыяланган: 03 November 2025
СУНУШТАРДЫ ТАПШЫРУУНУН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2025-жылдын 21-ноябры, Бишкек убактысы боюнча саат 14:00 чейин.
Бишкек шаары, Ибраимов көчөсү, 24 дарегинде жайгашкан «Кумтөр Голд Компани» ЖАК бардык кызыкдар жактарды Техникалык тапшырмадагы талаптарга ылайык Кумтөр кенинде үч кабаттуу эки турак жайлык модулдук чогултма-бөлүнмө блокторду долбоорлоо, жеткирүү жана куруу иштерин аткаруу боюнча чектелбеген катышуу түрүндөгү эки пакеттик ыкма менен конкурска катышууга чакырат.
Конкурска катышуучулар өз конкурсдук сунуштарын тиешелүү формаларды толтуруу жана талап кылынган документтерди тиркөө менен 2025-жылдын 28-ноябрынын саат 11:00гө чейин электрондук түрдө тапшыруусу керек.
Конкурстук сунуш конкурс сунушун кепилдеген декларация түрүндөгү кепилдик менен кошо берилүүгө тийиш.
Конкурстук сунуш 60 календардык күн ичинде жарактуу болушу керек. Конкурстук документтер боюнча кошумча маалымат же түшүндүрмө алуу үчүн 2025-жылдын 25-ноябрында саат 12:00гө чейин, конкурс сунуштарын тапшыруунун акыркы мөөнөтүнө 3 иш күн калганга чейин, Gulnur.Shirdakova@kumtor.kg электрондук дарегине суроолорду жөнөтүү зарыл. Сатып алуучу уюм өз көзөмөлүнөн тышкаркы жагдайлардан улам келип чыккан кечиктирүүлөр үчүн жоопкерчилик тартпайт.
| Жөнөтүү форматы: | Конкурстук сунуш жана башка документтер сунушту жана келишим боюнча милдеттенмелерди кол коюуга ыйгарым укуктуу адам тарабынан кол коюлушу керек. Документтер мөөр басылыган PDF форматында берилүүгө тийиш. Кол коюу ыйгарым укуктары ишеним кат же тиешелүү документтердин нотариалдык тастыкталган көчүрмөлөрү менен ырасталууга тийиш. Конкурстук сунушту даярдоонун алдында катышуучу Конкурстук сунушту даярдоо боюнча нускама ( жеткирүүчүлөр үчүн) менен таанышып чыгышы керек (тиркеме 1).
Конкурс эки этапта өткөрүлөт жана ар бир этап үчүн эки өзүнчө кат даярдоо зарыл. Квалификациялык документтер жана финансылык сунуш бир убакта, бирок ар башка каттар менен берилет: Биринчи кат (биринчи этап үчүн) квалификациялык жана техникалык документтер менен берилет. Темасында «Квалификациялык документтер _ модулдук блоктор» деп көрсөтүлөт. Экинчи кат (экинчи этап үчүн) финансылык сунуш менен берилет. Темасында «Финансылык сунуш _ модулдук блоктор» деп көрсөтүлөт. |
| 1-этап: Квалификациялык жана техникалык бөлүк | |
| Квалификациялык жана техникалык сунуштарды берүүнүн тартиби | Конкурска катышуучулар конкурс талаптарына ылайык кыргыз жана/же орус жана/же англис тилинде катышуу сунушун берүүгө тийиш, керектүү документтердин көчүрмөлөрүн тиркеп, электрондук түрдө lager@kumtor.kg электрондук дарегине 2025-жылдын 21-ноябрына чейин Бишкек убактысы боюнча саат 11:00гө чейин жөнөтүшү керек.
Техникалык тапшырма тиркелет (тиркеме 8). Эскиздик схемаларды алуу үчүн кызыкдар катышуучулар толтурулган жана кол коюлган Конфиденциалдуулук жөнүндө макулдашууну берүүгө тийиш. Макулдашуунун формасы тиркелет (тиркеме 9). |
| Катышуу сунушу төмөнкү документтерди камтышы керек: | Конкурска катышууга кызыкдар экендигин тастыктаган кат, арыз формасы тиркелет (тиркеме 2). |
| Юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүктүн скан көчүрмөсү. | |
| Негизги ишмердүүлүктү аныктаган документтин (Устав) скан көчүрмөсү жана жетекчи катары дайындоо жөнүндө чечиминин скан көчүрмөсү. | |
| Мамлекеттик органдарга салыктар жана камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карыздын жоктугу тууралуу акыркы отчеттук датага карата маалымкат. | |
2023–2024-жылдар үчүн финансылык отчеттуулуктун түп нускасынын скан көчүрмөлөрү:
|
|
| Ак ниеттүүлүк жөнүндө декларация, арыз формасы тиркелет (тиркеме 3). | |
| Конкурстук сунушту кепилдеген декларация, форма тиркелет (тиркеме 4). | |
| Кыргыз Республикасында долбоорлоо жана курулуш иштерин жүргүзүүгө тиешелүү лицензиялар жана уруксат кагаздары. | |
| Иштерди аткаруу долбоору, календардык график, ар бир күнгө персоналдын саны жана ар бир жумуш көлөмү боюнча мөөнөттөр тууралуу маалымат. | |
| Кыргыз Республикасынын аймагында колдонулуучу бардык материалдарга тиешелүү сапат сертификаттары. | |
| Подрядчы-өндүрүүчү тиешелүү паспортторду, колдонулуучу материалдар жана жабдуулар боюнча заводдордун паспортторун, ал эми милдеттүү түрдө сертификаттоого тийиш материалдарга Кыргыз Республикасынын аймагында жарактуу шайкештикти тастыктаган сертификаттарды берет. | |
| Квалификациялык талаптар: | Подрядчы уюмдун курулуш-монтаж иштерин аткаруу тажрыйбасы кеминде үч жыл болушу керек. |
| Көлөмү жана конструкция түрү боюнча тендер өткөрүлүп жаткан жумуштарга окшош кеминде эки долбоорду ишке ашыруу тажрыйбасы болушу керек. | |
| Курулуш-монтаж иштерин долбоордук документацияга ылайык аткаруу үчүн геодезисттин болушу (тастыктоочу документтерди берүү керек). | |
| Сертификацияланган долбоор жетекчисинин (прораб, участок башчысы) болуусу тийиш, курулуш тармагында кеминде беш жылдык тажрыйбасы жана көлөмү, конструкция түрү боюнча тендер өткөрүлүп жаткан жумуштарга окшош кеминде эки долбоорду ишке ашырган тажрыйбасы болушу керек (тастыктоочу документтерди берүү керек). | |
| Ширетүү иштерин жүргүзүүгө укук берүүчү атайын күбөлүгү менен аттестациядан өткөн ширетүүчүлөрдүн болушу (тастыктоочу документтерди берүү керек). | |
| Подрядчынын инженердик-техникалык курамы ушул Техникалык тапшырмага ылайык иштерди аткаруу үчүн курулуш-монтаж иштеринин бүт мезгилинде подрядчынын күчү жана эсебинен жеңил автоунаа менен камсыз болушу керек (тастыктоочу документтерди берүү керек). | |
| Кепилдиктер | Келишим боюнча аткарылган иштердин натыйжасына сапат кепилдигин берүү мөөнөтү кеминде 12 ай болушу керек.
Иштерди аткаруу учурунда колдонулган комплекттер жана материалдар боюнча кепилдик мөөнөтү алардын өндүрүүчүсүнүн кепилдик документациясына ылайык болушу керек. Кепилдик мөөнөтү объектти пайдаланууга берүү актысына кол коюлган күндөн тартып эсептелет. |
| Жабдууларга болгон талаптар: | Подрядчы курулуш иштерин жүргүзүү үчүн зарыл болгон жабдууларды жана шаймандарды (ширетүүчү аппараттар, компрессорлор ж.б.) камсыз кылат (тастыктоочу документтерди берүү керек). |
| Ушул Техникалык тапшырманын шарттарына ылайык иштерди аткаруу үчүн зарыл болгон материалдык база подрядсчынын балансында болушу керек (тастыктоочу документтерди берүү керек). | |
| Модулдук блоктор жылуулук техникасы боюнча жана үн изоляциясынын нормаларына ылайык болушу керек. Подрядчы алардын шайкештигин тастыктаган паспортторду жана сертификаттарды берүүгө тийиш. | |
| Линолеум өрт коопсуздугу боюнча сертификатка ээ болушу керек (тастыктоочу документтерди берүү керек). | |
| Биринчи этапты баалоо критерийлери: | Конкурстун биринчи этабынан өткөн деп таанылган сунуш бардык квалификациялык жана техникалык талаптарга жооп берип, талап кылынган документтердин толук пакетин берген болушу керек.
Катышуучулар техникалык тапшырмага ылайык квалификациялык жана техникалык маалыматтарды тастыктоо үчүн талап кылынган бардык документтерди берүүгө милдеттүү. |
| Финансылык сунушту берүү тартиби: | 2-этап: Сунуштун финансылык бөлүгү: |
| Финансылык/коммерциялык сунуш өзүнчө кат менен, сырсөз коюлган архивде берилүүгө тийиш, арыз формасы тиркелет (тиркеме 7). Сырсөз конкурска жооптуу адамдын талабы боюнча берилет. Архивдин сырсөзү кеминде 8 белгиден турушу керек жана анын ичинде 1 сан, 1 символ, кеминде бир баш тамга жана бир кичине тамга болушу зарыл. Финансылык/коммерциялык сунуш катышуучунун расмий бланкында «Кумтөр Голд Компани» ЖАКтын дарегине багытталып, бааны, иштерди аткаруу мөөнөттөрүн жана төлөм шарттарын милдеттүү түрдө камтышы керек.Сырсөздөр квалификациялык жана техникалык талаптарга жооп берген катышуучулардан гана суралат.Эгер Финансылык/коммерциялык сунуш сырсөзү жок же квалификациялык документтер менен кошо берилсе, сатып алуучу уюмдун конкурстук комиссиясы маалыматтын сактыгына жоопкерчилик албайт. |
|
| Бааларды берүү боюнча талаптар | Сметаны Иш долбоорунун негизинде эсептөө керек.
Курулуш-монтаж иштерине (СМР) сметаны КРЕР-2015ке ылайык, индексацияны жана иштерди аткаруу аймагын эске алуу менен (МАМКУРУЛУШтун баалары), учурда Кыргыз Республикасында колдонулуп жаткан талаптар боюнча же базар баалары боюнча эсептөө зарыл. |
| Катышуу сунушунун темасын көрсөтүү менен lager@kumtor.kg электрондук дарегине 2025-жылдын 21-ноябры саат 14:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) жөнөтүү керек.
Биринчи кат (биринчи этап үчүн) квалификациялык жана техникалык бөлүктү тастыктаган документтер менен жөнөтүлөт. Темасында «Квалификациялык документтер _ модулдук блоктор» деп көрсөтүү зарыл. Экинчи кат (экинчи этап үчүн) финансылык сунуш менен жөнөтүлөт. Темасында «Финансылык сунуш _ модулдук блоктор» деп көрсөтүү керек. |
|
| Буйрутмачы Келишимди берүүгө чейин каалаган же бардык сунуштарды кабыл алууга же четке кагууга, ошондой эле конкурсту каалаган убакта токтотууга укуктуу жана бул үчүн катышуучулар алдында эч кандай милдеттенме албайт. | |
| Катышуу сунушу расмий бланкта болушу керек. | |
| Катышуучулар тарабынан белгиленген мөөнөттөн кеч берилген сунуштар кабыл алынбайт жана каралбайт.
Сунуш берүү менен Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макулдугун билдирет. Ар бир катышуучу конкурска бир гана сунуш бере алат. Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтү кеминде 60 календардык күн болушу керек. Конкурстук сунуштун жарактуулук мөөнөтү ичинде сунушту өзгөртүүгө жол берилбейт. Таанышу үчүн кызмат көрсөтүү келишиминин долбоору берилет. Бул келишимдин долбоору акыркы вариант эмес жана конкурстун жыйынтыгына жараша өзгөртүлөт (тиркеме 6). |
|
| Конкурска байланыштуу бардык суроолор жана түшүндүрмө берүү боюнча суроо-талаптар сунушту берүү мөөнөтү аяктаганга чейин, 3 календардык күн мурда, gulnur.shirdakova@kumtor.kg электрондук дарегине жөнөтүлүшү керек. | |
| Келишим биринчи жана экинчи этаптан өткөн, тандоо шарттарына жана техникалык тапшырмага жооп берген жана эң төмөн бааны сунуш кылган катышуучуга берилет. | |