КУМТӨР КЕНДИ ТЕЙЛӨӨ ЖАНА АТАЙЫН ДОЛБООРЛОР БӨЛҮМҮ ҮЧҮН КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮ (КЫЗМАТ КЕЛИШИМИ НЕГИЗИНДЕ)

КУМТӨР КЕНДИ ТЕЙЛӨӨ ЖАНА АТАЙЫН ДОЛБООРЛОР БӨЛҮМҮ ҮЧҮН КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮ (КЫЗМАТ КЕЛИШИМИ НЕГИЗИНДЕ)

Жарыяланган: 10 December 2025

ТАБЫШТАМА БЕРҮҮНҮН АКЫРКЫ МӨӨНӨТҮ: 2025-жылдын 17-декабры, саат 14:00 (Бишкек убактысы боюнча).


ЭКИ ТОПТОМДОН ТУРГАН ЧЕКТЕЛБЕГЕН КОНКУРСКА ЧАКЫРУУ

Сатып алуу предмети: Кумтөр кенди Тейлөө жана Атайын Долбоорлор бөлүмү үчүн кызмат көрсөтүү (кызмат келишими негизинде).

Буйрутмачы: «Кумтөр Голд Компани» ЖАК (мындан ары – «КГК») төмөнкү кызматтарды көрсөтүү боюнча конкурска катышууга чакырат:

  1. Жыгач уста (плотник)
  2. Слесарь-сантехник
  3. Лагерь үчүн слесарь-сантехник
  4. ПЭТ (термопластик-полимер) полиэтилен ширетүүчү
  5. Стропальщик (салмор)

Квалификациялык документтерди тапшыруу үчүн негизги талаптар:

  1. Документтер PDF форматында тапшырылышы керек.
  2. Документтер maintenance2025@kumtor.kg  электрондук почта аркылуу 2025-жылдын 17-декабрына чейин, саат 14:00гө чейин (Бишкек убактысы боюнча) жөнөтүлүшү керек.
  3. Же конверттерде чапталган түрдө.
  4. Бир каттын өлчөмү 25MBдан ашпашы керектигин эске алыңыз.

Тапшыруу үчүн талап кылынган документтер:

  1. Толтурулган №1 тиркеме (Ачык-айкындуулук декларациясы жана коррупцияга каршы жобо)..
  2. Толтурулган №2 тиркеме (Конкурс сунушун кепилдеген декларация).
  3. Катышуучунун анкетасы (Конкурска № 3 тиркеме)
  4. ID картасынын сканерленген көчүрмөсү.
  5. Эгер жеке ишкердин күбөлүгү болсо, анда документтин сканы жана салык кызматынан алынган карыздын жоктугу тууралуу күбөлүк берилет.
  6. Соттолбогондугу тууралуу маалымкат.
  7. Багытталган кызмат үчүн сертификат.
  8. Квалификацияны тастыктаган сертификаттар.

Квалификациялык документтерди тапшыруу үчүн негизги талаптар:

  1. Конкурска катышуучулар конкурс талаптарына ылайык орус тилинде катышуу арызын даярдап, көрсөтүлгөн электрондук почта дарегине жөнөтүүгө тийиш.
  2. Тандоо алкагында берилген бардык документтер купуя-жашыруун деп эсептелет.
  3. Өз сунушун тапшыруу менен, Катышуучу Компаниянын талаптарында көрсөтүлгөн бардык шарттарга макулдугун билдирет.

Катышуучулар документтерди эки өзүнчө топтомдор менен тапшырышат, экөө тең жогорудагы почтага бир убакта жөнөтүлөт:

  • №1 топтом – квалификация жана техникалык сунуштар (сырсөзсүз берилет),
  • №2 топтом – коммерциялык сунуштар (милдеттүү түрдө 1 сааттык бааны көрсөтүү керек; документ сырсөз менен корголуусу керек, сырсөз Катышуучу тарабынан Буйрутмачынын өтүнүчү боюнча жөнөтүлөт).
  1. КГК кошумча тастыктоочу документтерди талап кылууга же берилген маалыматты текшерүүгө укуктуу. Эгерде туура эмес маалымат аныкталса — табыштама четке кагылат.
  2. Эгерде бул чакыруу боюнча суроолоруңуз болсо, Катышуучу тактоо үчүн Altynai.Sargaldakova@kumtor.kg электрондук почта дарегине кайрылса болот. Түшүндүрмөлөр квалификациялык документтерди тапшыруунун акыркы мөөнөтү бүткөнгө чейин 3 иш күндөн кеч эмес суралышы керек. Түшүндүрмөлөр суроо жөнөтүлгөн электрондук дарекке суроо алынган күндөн тартып 3 (үч) календардык күндүн ичинде жөнөтүлөт.
  3. Документтерди тапшыруу мөөнөтү бүткөндөн кийин, Катышуучулар өзгөртүүлөрдү же кошумчаларды киргизе алышпайт.
  4. Катышуучулар тарабынан белгиленген мөөнөттөн кеч тапшырылган конкурс сунуштары кабыл алынбайт жана каралбайт.

КГК талаптарга жооп бербеген каалаган арызды четке кагууга укуктуу. Документтерди тапшыруу кийинки сатып алуу процедурасынын этаптарына катышууну кепилдебейт.

Эгер бул чакыруу өзгөртүлсө, Кардар квалификациялык документтерди тапшыруунун акыркы күнүн  кийинчерээк жылдыра алат жана бул тууралуу Кардар бул тендер жарыяланган Буйрутмачы ушул чакырууга өзгөртүүлөр киргизилген учурда квалификациялык документтерди тапшыруунун акыркы мөөнөтүн кийинки күнгө жылдырышы мүмкүн. Бул тууралуу Буйрутмачы https://www.kumtor.kg/ru/  расмий сайтына тиешелүү маалыматты жайгаштыруу жолу менен кабарлайт, ал сайтта ушул конкурс тууралуу жарыяланган.

МААНИЛҮҮ (ДОКУМЕНТТЕРДИ КОНВЕРТТЕРДЕ ТАПШЫРУУДА)

Аткаруучу документтерди төмөнкү жолдор менен тапшыра алат:

  1. Электрондук түрдө — maintenance2025@kumtor.kg дарегине, жана/же
  2. Жабык конверттерде.

Конверттерге коюлуучу талаптар:

№1 топтом (квалификациялык документтер) өзүнчө конвертте.

№2 топтом (коммерциялык сунуш) өзүнчө конвертте.

Ар бир конвертте төмөнкүлөрдү көрсөтүү зарыл:

Аткаруучунун толук аты-жөнү, тапшырылган датасы жана кызматтын аталышы (кайсы кызматка тапшырып жатканы).

⚠️Тема бөлүгүндө аты-жөнү жана кызмат көрсөтүлбөгөн каттар каралбайт.

КОНВЕРТТЕРДИ КАБЫЛ АЛУУ ПУНКТТАРЫ:

Башкы кеңсе (Бишкек шаары):

720031, Кыргыз Республикасы, Бишкек, Ибраимов көчөсү, 24.

Регионалдык кеңсе (Каракол шаары):

772206, Кыргыз Республикасы, Каракол, Элебаев көчөсү, 150.

 

 

Тиркемелерди көчүрүп алыңыз:

АНКЕТА УЧАСТНИКА

КОММЕРЧЕСКОЕ ПРЕДЛОЖЕНИЕ

Приложение №1

Приложение №2

Приложение №14_ТЗ_Водитель платформы

Приложение №14_ТЗ_Монтажные работы

Приложение №14_ТЗ_Оператор водозабора

Приложение №14_ТЗ_Стропальные работы

Приложение №14_ТЗ_Электрогазосварочные работы

Приложение №14_ТЗ_Электромонтажник