Жарыяланган: 17 December 2025
Кумтөр ишканасынын өкүлдөрү «Кумтөр кен жайындагы калдыктарды кайра иштетүү комплексинин» айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин алдын ала баалоо (АЧТБ) боюнча Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында коомдук угуу уюштурду.
Иш-чарага аталган айыл аймагынын тургундары, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана жарандык активисттери катышты.
Калдыктарды кайра иштетүү – экологиялык, экономикалык жана туруктуу өнүгүүнү камсыздоодогу өтө маанилүү кадам экенин айткан Кумтөрдүн өкүлдөрү жергиликтүү элдин кызыктырган бардык суроолоруна жооп беришти.
Коомдук угуунун акырында эл долбоорду колдоп, ак баталарын берип, ийгилик каалашты.